Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:23

Муфтияттын тагдыры үчүн өзөктүү көйгөйлөр


Кыргызстандык ажылар тобу. Медина шаары. 2013-жылдын 3-октябры.

Кыргызстан мусулмандар жамаатынын жаңы муфтийин шайлоо күн тартибине турат. Эмитеден эле калыс, сабырдуу ханафий муфтийди шайлоо жана туура башкаруу зарылдыгы тууралуу талкуулоо ашыкча эмес. Элмурат Кочкор уулунун кезектеги блогу.

Алгы сөз

Ток этээр сөздөн баштасак, Кыргызстанда мамлекеттик машинага таянып, муфтияттын акчасын мыжыгып жеген жоруктар акынкы өткөн чакта орун алган дешет. Бул жосунсуз жоруктарды түп тамырынан токтотуш керек деп коомчулук талап кылууда.

Ошону менен бирге муфтиятта рационалдуулук, «диний маселелер баш болуп, бардык маселенин тизгинин акылдын башкаруусу менен гана чечүү керек» деген түшүнүк отурукташмайын дин иштериндеги маданиятыбыз, анын ичинде муфтияттын тагдыры арабөк кала берээри да ыктымалдан алыс эмес.

Негизи рационалдуулуктан бир гана биздин мусулманчылык түшүнүгүбүз эле оолак эмес. Айтайын дегеним, акылды ээрчүү бардык диний топтордун коомдук тажрыйбасы үчүн зарыл шарт болууга тийиш.

Эми, бул жолку муфтийликке боло турган шайлоо алдыбыздагы бир канча жылдагы диний жашообузга кандай таасирин тийгизээри тууралуу ой-толгоомду бөлүшө кетейин.

Дин маданиятын, анын ичинде мусулманчылыгыбыздын иштеринин жакшы деңгээлге көтөрүлүшүн шарттоодо, жеке баамымда, үч чоң тоскоолдук бар. Булар чечилмейинче диний жамаатты башкаруудагы абалыбызда өнүгүү болбой тургандай.

Үч көйгөй

1. Соңку чуулуу окуя муфтияттын иши саясий күчтөрдүн кызыкчылыктарынан толугу менен көз каранды эмес экендигин көргөздү окшойт. Саясий таасирдүүлөрдүн муфтияттын казынасына же ажылыкка баргандардын жол чыгымдарын уюштуруу механизмине көз кызартып жүргөндүгүн, маал маалы менен жулмалап да кетип жүргөнүн угуп калчу элек. Соңку окуяда деле акчалай кызыкчылыктар кагылышып, натыйжада зымы жулунган бомба эки жоошураак кишинин колунда калып кетип иш жабылгандай туюлуп жатат.

Учурда муфтияттын ишин кантип жөнгө салуу керек экендиги тууралуу талкуу жүрүп, мамлекет башчынын күндемине чейин жетип барды. Менин жеке оюмда, муфтияттын ишин ачык-айкын, алгылыктуу абалга алып келиштин алгачкы кадамы ­ муфтиятты саясий күчтүн зынданынан бошотуу зарыл.

Муну муфтияттан деле, бийлик тараптан деле бардыгы сезип, билип турса да, ачык айтылбай жатат. Колунда бийликтин рычагын кармагандар баш болуп маселени чечүүнүн ордуна «чечимиш болуп коюу» деп аталган оюнду ойноп жаткандайбыз.

«Жакшы кадр келиш керек, реформа жасоо керек, ачык-айкындыкты орнотуш керек...» деген сөздөр менен маселенин эң майлуу жери унутта калтырылып жаткандай. Анткени, бул маселедеги эң башкы оюнчу ким же кимдер экени деле маалым.

Мына ошолордун эле муфтияттын казынасын сагалаганын токтоттурса маселенин жарымынан көбү чечилмек. Албетте, буга эң башта абийир керек. Буга чейинки бийликтер бул темада кыйратып ийгиликтүү иш жүргүзө албаганы көрүнүп калгандай эле болду окшойт.

Коронавирустан сактануу шартында имам Серахси атындагы мечиттеги намазга жыгылуу. Бишкек. 2020-жылдын 12-июну.
Коронавирустан сактануу шартында имам Серахси атындагы мечиттеги намазга жыгылуу. Бишкек. 2020-жылдын 12-июну.

Эми жаңы бийлик ушуну камсыздай алат болду бекен, көрө жатарбыз. Бетине айта албай жаткан үчүн маселенин башкы себебин аттап өтүп, майда-бараттарын талашып-тартышып, талкуулап жаткан киши болуп бири-бирибизди алдап жашап жаткандайбыз.

Кудум ушундай эле өңүттө, шайлоо учурунда да «Бул же тигил тарапка добуштарды оодуруп бер...» деген маңыздагы күчкө салуудан деле узак каларына ишенбейм... Анан кантип биз муфтияттын ишмердүүлүгүнүн жакшырышын талап кыла алмак элек?

Нарын шаарындагы мечит 1994-жылы курулган. 7.8.2013.
Нарын шаарындагы мечит 1994-жылы курулган. 7.8.2013.

2. Учурда укмуш келишкен сүрөттөрүнүн коштоосунда алга сүрөлүп жаткан талапкерлер кызмат ордуна («креслого») кыжалат болгончолук, ал жерге отургандан кийинки жигердүү ишмердүүлүккө да баш оорутуп жатышат болду бекен деген ой сарсанаага салбай койбойт экен. Анткени, байкаганымча, мусулман жамаатыбызда бир канча топ өзүнө караштуу талапкерин алга сүрөп, соцтармактарда жеке жарандык эмес, жиктешкен жамааттык колдоо өкүм сүрүп жатат. Бул болсо «бул жолкусунда деле аң-сезимдүү тандоонун ордуна тар жикчил күрөш кетип жаткан жокпу?» деген санааркоого түртөт.

Үгүт иштеринде «Талапкердин кайсыл жамаатка же топко тиешелүү экенине карап эмес, анын жеке билимине, иш билгилигине жана бүгүнгө чейинки иштерине карап тандоо керек» деген түшүнүк басымдуу болсо, кооптонгонго кажет калмак эмес. Бирок, бөлүнүп-жарылып, өзүнө окшоп ойлонбогон, кайчы пикир туткан ханафий мусулманды дароо «каапырга» чыгарып калган жерде, тилекке каршы, мындай шайлоо үгүтүн күтүү кыйын...

3. Акыры-түбү бир киши муфтий болуп шайланат деңизчи. Бул деген сөз муфтияттын саясатын болочокку муфтий жалгыз башына жүргүзүп калат деген маанини туюнтайт. Жакшы кадр муфтий болуп келген учурда деле, анын диний аң-сезимине/түшүнүгүнө, ишмердүүлүк саясатына, реформалык кадамдарына макул болгусу келбеген кишилер ошол эле аалымдар кеңешинин курамында болоору, кайчы пикирдегилер муфтияттагы ар башка кызматтардагы кишилердин ичинен чыгаары айдан ачык. Так ушул реалдуулукту эске алгандай кылып, алар менен кандайдыр бир орток пайдубал таап ишти жүргүзүү алгылыктуураак болчудай.

А бирок, мактап алга сүрөлүп чыгып жаткан талапкерлердин оболу диний жана коомдук түшүнүгү калыс жетекчи болууга жол береби? Кептин бардыгы мына ушунда. Эгер мусулманчылыктын Кыргызстандагы чеби деп көрүлгөн бул жерде деле өзүнүн диний түшүнүгүнө төп келбей калган пикирдеги кишиге сабырдуу мамиле жасала албай жатса, бул жерден ийгилик күтүү майнапсыз болуп калат.

Түркия Диний иштер башкармалыгынын башчысы, проф. Мехмет Гөрмез Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушев менен Анкара шаарында жолугушту. 13.7.2017.
Түркия Диний иштер башкармалыгынын башчысы, проф. Мехмет Гөрмез Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушев менен Анкара шаарында жолугушту. 13.7.2017.

Айтайын дегеним, муфтиятта бардык маселени рационалдуулук (акыл калчоо) менен чечүү деген принциптин салмагы аз болуп келген. Ар бир тарап өзү мүчө болгон жамааттын же чакан топтун тар түшүнүгүнөн, окуусунан, басымынан алгылыктуу арыла алган эмес деп эсептейм. Муну неге айтып жатам? Рационалдуулук деген орток пайдубал болбогон жерде башка «орток пайдубал» таап ишти алып кетүү мүмкүн болбой калат.

Мисалга, муфтиятта бир акылдуу киши тарабынан «Биз жамаатты намаздан мурда китеп окууга үндөйлү. Аң-сезимдик өнүгүүнү акыйда (ишеним) тууралуу китептерге эле такап туруп албастан, эң сапаттуу гуманитардык китептерди да даярдап, диний окуу жайлардын окуу материалына аралаштыралы, кабаттап катын алганды жактагандан көрө, жок дегенде жогорку билимге ээ болмоюн кыздарыбызды турмушка чыгарбаганга үндөйлү...» деген сыяктуу пикирлерди айтса, кандай жооптор келиши мүмкүн?

Чамамда, айрым талапкерлер: "бул – диндин эң башкы ибадаты, андыктан эң көп басымды намазга жасаш керек. Медреселерде дин илимин гана окутуш керек. Каапырдын илиминен майнап чыкпайт. 4 аял алуу Алланын буйругу болгондуктан, аны талкууга ачпай ала бериш керек. Кыздарды университетке окутсаң бузулуп кетет, андыктан заматта эрге бере калып, намысын сакташ керек...», – деген сыяктуу жоопторду туура санашса керек...

Урматтуу окурман, бул чамалуу жооптордун баары белгилүү бир жамааттын, окуунун түшүнүгү, бирок бул чектелген аңдоо – жалпы исламдын айныгыс түшүнүгү/принциби эмес!

Жеке топтун тар түшүнүктү «ислам түшүнүгү» катары кабылдап алуу өзгөчөлүгү – мусулман дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн кылымдар бою жанын ачыткан жарасы болуп саналат. Учурда, биздин өлкөдө муфтияттык орунга кызыкдар тараптардын кыйласы да дал ушул түшүнүктү ашып өтө албагандардан турат.

Сөзүмдүн соңунда

Жыйынтыктап айтканда, көп сөздүн кереги жок. Баары эле, өзгөчө саясий күчү бар кишилер деле эмне кылыш керек экендигин билип турат. Эми, бийлик тарабындагылар да, муфтияттын ашканасын жакшы билгендер да ошол билген «туура кадамын» жалпы коомчулуктун кызыкчылыгында жүзөгө ашырууга жеке абийири, эрки, напси жол береби? Кептин баары мына ушунда!..

Ислам жана башка Жакынкы Чыгышта пайда болгон диний окуулардын дин таануусунда «шайтан» («сатана», «дьявол», «Люцифер», «Вельзевул», «Мефистофель», «Воланд»; «devil», «Иблис» ж.б. аталыштагы) феномени аябай кызык түшүнүккө барып такалат.

Исламды алсак, шайтан башында илимдүү периште болгондугуна карабастан, билип туруп, туура эмес кадам таштагандыгынан улам Кудайдын каарына калып, акыры шайтанга, кара күчкө айланган...

Бийликтин белгилүү жеринде олтургандар, муфтияттын кээ бир кишилери эмне болуп жатканын, эмне кылыш керек экендигин жакшы билип турат деп билем. Эми, бул кишилер эскичил тар топтун кызыкчылыгына каршы саясий эрк көрсөтүү менен туура, акыйкат деп эсептеген чечимди колдоого тийиш. Жемкор болбой турган, аруу пейил кишини муфтияттын жетекчиси катары тандоо – күндүн талабы.

Элмурат Кочкор уулу
Элмурат Кочкор уулу

Биздин диниятчылардын арасында да нагыз ханафийлер, Башмыйзамдагы айдыңдык (дүйнөбий, секулярдык) турумду ырааттуу карманган, көп этностуу эгемен Кыргызстандын илим-билимге негизденген болочогун самаган өкүлдөр бар экендиги шексиз.

Эми ошондой алдыңкы жарандардын өкүлү муфтияттагы жетекчиликке тандалаар бекен?

Үмүттөнөлү...

Элмурат Кочкор уулу,

блогчу.

Ред.: Автордун пикирин "Азаттыктын" редакциялык туруму катары кароого болбойт.

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG