Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Максатбек Токтомушев кармалды


Максат ажы Токтомушев.
Максат ажы Токтомушев.

10-февралдын кечинде УКМК кызматын тапшырып кетип жаткан муфтий Максатбек ажы Токтомушевди "кылмышка шектүү" деп кармады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек убактысы боюнча 22:33тө тараткан маалымат боюнча, мурда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы эсепчисине (Ж.Б.) байланыштуу каралып жаткан иштин алкагында муфтий М.а.Т. кармалганы маалым болду.

Буга чейин муфтияттын башкы эсепчисине УКМКнын кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү фактысы боюнча иш ачылып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жаткан.

УКМКнын маалыматында жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында муфтий М.а.Т. "ажылык сапарга аттангандар чогулткан каражаттарды пайдаланууда каржылык мыйзам бузууларга барган" деп айтылат. Ошондой эле "бул кылмышты жасоого катыштыгы бардыгы жөнүндө далилдер алынды", - деп жазылган.

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев 10-февралда өз каалоосу менен кызматын тапшырып жатканы белгилүү болгон.

Анын бул чечими УКМКнын муфтияттагы коррупциялык иштерге байланыштуу билдирүүсү жарыяланган күнү маалым болду.

Атайын кызматтын маалыматында мындай деп айтылат:
«УКМК тарабынан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгындагы (КМДБ) каржылык мыйзам бузууларга байланыштуу тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар кошкон акчаны жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өз максаттарына жумшагандыгы аныкталды».


Мекеменин маалымдашынча, каржылык операциялар ачыкка чыккандан кийин Дин башкармалыгынын жетекчилиги табылган фактыларды жаап-жашырып, тергөө иштерин токтотуу үчүн УКМК кызматкерлерине 100 миң доллар пара сунуштаган. Ошол эле күнү муфтияттын башкы эсепчиси акча берип жаткан жеринен кармалган. Азырынча эсепчинин аты-жөнү ачык айтыла элек.

Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев бул иштер боюнча кыска комментарий менен чектелди.

«Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башкы эсепчиси боюнча соттун чечиминен кийин маалымат берилет. Иштин чоо-жайын тергөө иликтесин. Ал эми устав боюнча, азирети муфтийдин милдетин аткаруучу болуп анын орун басары иш алып барат».

Сауд Арабия Падышалыгы 2020-жылдын эсебинен Кыргызстанга ажылыкка барууга алты миң адамга квота бөлгөн.

Анын 500 квотасы ажы башчыларына, ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын өкүлдөрүнө берилип, 5500 зыяратчыдан 3350 АКШ доллары өлчөмүндө ажылык үчүн каражат топтолуп, муфтияттын банк эсебине түшкөнү көрсөтүлгөн. Бирок пандемияга байланыштуу былтыр ажылык үзгүлтүккө учураган.

Буга чейин муфтияттын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев ажылыкка бара турган зыяратчылардын канча акчасы сакталып турганы белгисиз экенин айтып чыккан.

Абибилла Кадырбердиев
Абибилла Кадырбердиев

«Ошондо 5500 адам ажылыкка акчасын төккөн. Анын ичинен эки миңдей адам акчасын кайра кайтарып алганын айтууда. Ошондо үч миңден ашуун адамдын 3350 доллардан топтогон акчасы муфтияттын банк эсебинде турушу керек. Мындан сырткары ажылыкка кезекке туруп, орун алуу үчүн 500 доллардан төлөгөн адамдардын да акчасы ал жакта сакталып турса керек. Ошентип, банк эсебинде 15 млн. доллардын айланасында акча болушу мүмкүн. Мен аталган акчанын отчетун беришин талап кылгам. Муфтийге эки ирет кат жазып, бирок эч кандай жооп алган жокмун. Мага “бухгалтер ооруп жатат” деп коюшкан. Негизи банктагы акчаны айландыруу мыйзамга дагы, шариятка дагы туура келбейт».

Максатбек ажы Токтомушев кызматтан кеткен себебин, муфтияттын дарегине айтылып жаткан дооматтар боюнча комментарий берүүгө үлгүргөн жок. Бирок буга чейин ажылыктын акчасы боюнча үн катып, айтылып жаткан айыптоолор "жалаа" экенин билдирген.

7-февралда «Азаттык» радиосуна комментарий берип жатып, кызматтан кетпей турганын, үчүнчү мөөнөткө шайлоого барарын айткан:

"100 адамдын канчасы ажылык үчүн муфтияттын банк эсебине акча которгонун текшерип баштасак, алардын бири дагы банктагы эсепке бир сом акча төлөбөгөнү аныкталды. Аны далилдей турган ошол каттардын бардыгы менде сакталуу. Бирок ошого карабастан алар бизди шантаж кылабыз деп ойлошкон. Ушинтип жалаа жапкандар Кудайдан деле коркпой калышыптыр. Текшерүү бүтсө, борбордук текшерүү комиссиясы бардыгын аларга көрсөтөт. "Акчасы берилбей калган" деген сөз акыйкатка туура келбейт. Беш жарым миңдей адам ажылык үчүн акча төлөп, бирок пандемияга байланыштуу ажылык үзгүлтүккө учурап, анын арасынан эки жарым миңдей адам акчасын кайра кайтарып алган. Акчасын кайтарып алган соң, алардын кезеги бузулат. Кезек алардан кийинки турган адамдарга өтө берет. Мындай тартипти ажылыкты уюштуруу боюнча мекеме аралык комиссия бекиткен. Ошондуктан айтаарым, банк эсебинде сакталып турган ажыга баруучулардын бир сом акчасы да шайлоого иштетилген эмес. Уурдалган эмес. Бардыгы ордунда турат. 15 миллион доллар дегенде Кудайды карап сүйлөш керек. Быйыл эми ажылык дагы үзгүлтүккө учурап калса же болбосо квота азыраак берилип калса, анда биз зыяратка баруу үчүн кезекке тургандардын былтыр чогултулган акчасын өздөрүнө кайтарып беребиз. Ошондо ажылардын акчасы ордунда бекен же жок болуп кеткен бекен, ошондо алар өз көздөрү менен көрүшөт", - деген Максатбек ажы Токтомушев.

Муфтийдин орун басары, Уламалар кеңешинин мүчөсү, белгилүү теолог Кадыр Маликов өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу бул окуядан кийин пост жазды. Анда ал "болуп жаткан окуяларга аралашкан эмесмин, алардын көбүн маалымат каражаттарынан жана башка адамдардан угуп-билип жаттым", деп билдирди. Анын айтымында, ажылык сапар пандемиядан кийинкиге жылган соң муфтиятта каржы тартыш болуп, реформаларды жүргүзүүгө техникалык жана каржылык колдоолор азайган.

Маликов болуп жаткан окуялар боюнча "азырынча сот болуп, күнөөлөр такталмайынча бүтүм чыгарып, баа берүүгө эртелик кылаарын" билдирген.

Ошол эле маалда ажылыкка чогултулган акчаны атайын эсепке салып, андан пайыз алып туруунун өзү Маликовду "нес" кылганын жазган. Бул окуялар "салттуу ишенимге, мечитке, жалпы муфтиятка катуу сокку" болуп кала берерин билдирген.

Дегеле, муфтияттагы ажылыктын акчасына байланыштуу кеп-сөздөр соңку бир айдан бери күч алган. Дин комиссиясынын мурдагы төрагасы Акин Токталиев бул тууралуу мындай деди:

Акин Токталиев
Акин Токталиев

«Ажылык келатканына байланыштуу муфтийдин орду талаш болуп жатат. Муфтиятта ири өлчөмдөгү каражат айланат. Бизге болжолдуу эсеп менен 5500 квота келет. Ошонун ичинен 500дөй квотаны чет өлкөлүктөргө 5-10 миң доллардан сатып жиберишет. Бул иштердин артында президент Садыр Жапаровдун жанында жүргөндөр турат. Буга чейин Арзыбек Бурханов мени чакырып алып “Максат ажыны алмаштыр” деп айткан. Мен каршы болуп койгом».

Эске сала кетсек, Токталиев өзү да президент Садыр Жапаров 9-февралда койгон жарлыктарга ылайык, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) директору кызматынан бошотулуп, анын ордуна Медер Карабаев дайындалган.

11-февралда муфтияттын Аалымдар кеңешинин кезексиз жыйыны өтө турганы белгилүү болду. Ал жерде Максатбек ажы Токтомушевдин кызматтан кетүү боюнча арызы каралары жана анын милдетин аткара турган адам дайындалары кабарланган.

Муфтийдин эки орун басары бар, Жоробай ажы Шергазыев жана Кадыр Маликов.

Юридика илимдеринин кандидаты, теолог Нурлан Исмаилов муфтиятка байланыштуу окуяга кылдат мамилеге кылууга чакырды.

Нурлан Исмаилов
Нурлан Исмаилов

«Акыйткаттык үчүн айта турган болсок, муфтият өтө жакшы реформага муктаж. Ал жерде каржылык ачык-айкындуулук дагы болушу керек. Муфтияттын чатак маселелерге аралашып жатышы кээ бир радикалдык топтордун чырагына май тамызат. Биз көп улуттуу элбиз. Мусулмандар дин башкармалыгынын өлкөдөгү биримдикти сактоодо орду чоң. Андыктан муфтияттын ичинде оюн уштуруп же ойногонду токтотуш керек. Муфтияттын ичиндеги ынтымакка жана анын аброюна Кыргызстан ар дайым муктаж болот».

Максатбек ажы Токтомушев 2013-жылы муфтий болуп шайланып, 2017-жылы экинчи мөөнөтү башталган. Анын мөөнөтү 2021-жылдын апрель айында аяктамак. Ошондуктан март айында Кыргызстан мусулмандарынын курултайында муфтий шайлоо өтмөк.

Буга чейинки муфтийлерден Мураталы Жуманов да диний башкармалыкты сегиз жыл башкарган. Ал 2002- 2010-жылдары иштеген.

Жумановго чейин бул кызматты Кимсанбай ажы Абдурахманов (1991-1996, 2000-2002), Абдусаттар Мажитов (1996-2000) аркалаган.

Чыр менен кызматтан кеткен муфтийлер

Кыргызстанда муфтийлердин кызматтан кетүүсү көпчүлүк учурда чыр менен коштолгон. Маселен, муфтийлер уурдалып, сабалып, күч жана опуза менен кызматтан четтетилген учурлар кездешкен.

Алсак, 2010-жылы апрель окуяларынын маалында ошол кездеги муфтий Муратаалы ажы Жумановду белгисиз адамдар уурдап, коркутуп-үркүтүп, ири суммада акча талап кылышканы маалым болгон. Ал мындан көп өтпөй каза тапкан.

Жуманов өз каалоосу менен арыз жазып бергенден кийин муфтийдин милдетин аткаруучу болуп кыска мөнөткө Абдышүкүр ажы Нарматов, Сүйүн ажы Кулуев турса, андан соң талаштуу жол менен келген Руслан ажы Жумагулов бир канча ай башкарган. Жумагуловдон кийин муфтиятты 2010-2012-жылдары башкарган маркум Чубак ажы Жалилов басымдан улам өз арызы менен мөөнөтүнөн эрте кызматтан кеткен. Жалиловдун тушунда муфтиятта реформалар, ажылык иштерин уюштуруудагы ачык-айкындуулук иштери жүргөн.

Андан кийин бир жарым жылдай Рахматулла ажы Эгембердиев муфтий болуп, чуулгандуу тасмага байланыштуу кызматтан кеткен. Эгембердиевди муфтийликке шайлоонун өзү да убагында чуу менен коштолгон.

Атайын кызмат Рахматулла Эгембердиев менен Чубак ажы Жалиловго ажылыктан түшкөн каражаттын салыгына байланыштуу кылмыш ишин козгогон.

Бул окуяларды ошол кезде айрым талдоочулар күч кызматтарынын муфтияттын ишине кийлигишүүсү катары баалашкан. Эгембердиев Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур болуп, Казакстанда кармалган.

Ал эми учурда кызматтан кетип жаткан муфтий Максат ажы Токтомушев “Таблиги жамаат” исламий кыймылынын Кыргызстандагы көрүнүктүү лидерлеринин бири катары айтылып келет.

“Таблиги жамаат” Орусияда, Казакстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда тыюу салынганы менен Кыргызстан ага бөгөт койгон эмес.

Токтомушев муфтиятты башкарган жылдары мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташып, анын ичинде Кыргызстанга салттуу саналган ханафи-мазхабын жайылтууга салым кошкону белгиленет.

Максатбек Токтомушев Бишкектеги Айыл чарба институтун 1995-жылы бүтүргөн. Алгач дин илимин Бишкекте алып баштап, 1997-жылы Пакистандагы Ал-Арабия университетинин шариат факультетине тапшырып, аны аяктаган. Диний башкармалыкты жетектегенге чейин Бишкек шаарынын казысы, муфтийдин орун басары кызматтарында иштеген.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG