Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Муфтий Токтомушев үчүнчү мөөнөткө талапкерлигин коёт


Муфтий Максат ажы Токтомушев.
Муфтий Максат ажы Токтомушев.

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максат ажы Токтомушев Аалымдар кеңешинин быйыл апрелде өтө турган курултайында муфтийликке өз талапкерлигин кайрадан коёрун "Азаттыкка" 8-февралда маалымдады:

"Төрт жылда бир ирет курултай болуп турат. Аалымдар кеңешинин курултайы, Кудай буюрса, марттын аягы, апрелдин башында өтүшү керек. Талапкерлер катталып, сынактан өтөт. Тиешелүү мамлекеттик органдар менен кеңешүүлөр болот. Аалымдар кеңешинин 21 мүчөсү да кайрадан шайланат. Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы да жаңы шайланат. Мен да өз талапкерлигимди муфтийликке кайрадан коёюн деп жатам".

Максат ажы Токтомушев 2017-жылы 4-апрелде мусулмандардын Бишкекте өткөн VI курултайында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы болуп шайланган.

Ал бул кызматка үчүнчү ирет ат салышууну көздөп турат. (BCh)

XS
SM
MD
LG