Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Аламүдүн районунун тургундары Бишкек мэриясынын алдына пикетке чыгышты


Мэриянын алдында Балбак Түлөбаевге каршы пикет болууда
Мэриянын алдында Балбак Түлөбаевге каршы пикет болууда

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынын 50 чакты тургуну бүгүн, 8-февралда Бишкек шаардык мэриясынын алдына пикетке чыгышты.

Алар шаар башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин Көк-Жар айылындагы айдоо жерлерин мыйзамсыз басып алуу тууралуу айткандарына каршы чыгып жатышат.

Айыл тургундары Бишкек шаарына караштуу эмес жерге Түлөбаевдин кийлигишүүсү туура эмес дешүүдө.

Буга чейин Балбак Түлөбаев шаар менен чектешкен Аламүдүн районунун айрым жер тилкелеринде шаардын инфратүзүмүнө тоскоол болгон мыйзамсыз курулуштар, соода жайлары курулуп кеткенин түз эфирде көрсөткөн.

Пикетке чыккандардын ичинен эки адам мэрия менен сүйлөшүү үчүн кирип кетишти.

Аламүдүн районунун айрым айылдары Бишкек менен чектеш жайгашкан. Алардын ичинде Көк-Жар, Төмөнкү Ала-Арча, Маевка айылдары бар.

Бул айылдардагы айдоо жерлери менен жол жээгиндеги тилкелер талаш болуп келет. (BCh)

XS
SM
MD
LG