Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:46

Адвокаттар кеңешинин төрагасы өз кесиптешин «пальто ишине» байланыштуу сотко берди


Билим Райымкулов жана Арман Кыйгырова.
Билим Райымкулов жана Арман Кыйгырова.

«Кыргызстандын адвокатурасы» уюмунун адвокаттар кеңешинин төрагасы Билим Райымкулов ушул эле бирикменин мүчөсү Арман Кыйгырованын үстүнөн сотко кайрылып, 5 млн. сомдук доо койду. Бул тууралуу маалыматты «Азаттыкка» адвокат Кыйгырова өзү ырастады.

Анын белгилешинче, мурдараак ал социалдык түйүндөгү баракчасында башкы адвокатты айыптаган билдирүүлөрдү бөлүшкөн.

«Мен vesti.kg сайтына чыккан макаланы бөлүшкөм. Анда «Кыргызстандын адвокатурасын пальтону уурдоого шектүү адам башкарат» («Адвокатуру КР возглавляет человек, судимый за кражу пальто») деп жазылган болчу. Макаланы мен жазган эмесмин, ошол басылманын журналисти жазган, соттук актынын көчүрмөлөрү келтирилген. Билим Райымкулов аны төгүндөгөн эмес, демек анда жазылган маалыматтар чын. Мында мен тараптан эч кандай криминалдык билдирүү болгон эмес. Мындай адам адвокаттар кеңешин моралдык жактан башкара албайт, ал катардагы адвокат да боло албайт»,-деди ал.

Арман Кыйгырова өз постторунда Райымкуловду мындан башка иштер боюнча да айыптаган.

«Азаттык» Билим Райымкуловдун өзү менен байланышып, комментарий ала алган жок. Юстиция министрлигинин сайтындагы адвокаттар реестринде көрсөтүлгөн анын телефон номери биз чалган учурда өчүк болду.

«Кыргызстандын адвокатурасы» 2020-жылдын 25-ноябрында бул айыптоолор боюнча билдирүү таратып, Билим Райымкуловго байланыштуу дооматтарды төгүндөгөн. Мекеме «Арман Кыйгырова Адвокаттардын окуу борборунун директорлугунан 2019-жылы бошотулганы үчүн жалган маалыматтарды таратып, Райымкуловдон өч алып жатат», деп кабарлаган.

Тараптардын талашын Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Айгүл Уметова 8-февралда саат 15:00дө карайт.

Vesti.kg сайтындагы макала 2018-жылы Билим Райымкулов адвокаттар кеңешинин төрагасы болуп шайлангандан кийин жарыяланган. Анда башкы адвокат 1998-жылы 400 пальтону уурдоого байланыштуу айыпталып, 2 жыл 6 айга шарттуу түрдө соттолгону жазылган. Окуя 1996-жылы болгону көрсөтүлгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG