Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

Өкмөт үйүнүн алдында Төрткүл суу сактагычы боюнча пикет өтүп жатат


Суу сактагыч боюнча өкмөт башчынын айткандарына каршы чыккан активисттердин пикети
Суу сактагыч боюнча өкмөт башчынын айткандарына каршы чыккан активисттердин пикети

8-февралда Бишкектеги Өкмөт үйүнүн алдында премьер-министр Улукбек Мариповдун Жогорку Кеңештин жыйынында Баткен облусундагы Төрткүл суу сактагычы боюнча айткан сөзүнө каршы пикет өтүүдө.

Анын катышуучулары өкмөт башчысынан айткан сөздөрү үчүн коомчулуктан кечирим сурап, түзөтүү айтуусун талап кылышууда.

Пикетти уюштуруучулардын бири, коомдук активист, "Чек араны көзөмөлдөө" бирикмесинин мүчөсү Гүлжигит Исаков премьер-министрдин социалдык медиага жазган билдирүүсү жетишсиз экенин "Азаттыкка" айтты.

"Жаңы шайланган өкмөт башчы Улукбек Марипов Төрткүл суу сактагычынын башаты Тажикстанга өтүп кеткен деп айтып алды. Кандай деңгээлде, кайсы платформада, кайсы трибунада сүйлөсө да жол-жобосуна ылайык депутаттардын, элдин алдында расмий билдирүү жасасын. Блогерге окшоп, социалдык медиага жазып койгону жарабайт. Стенограмманы карай турган болсок, ал жерде Кайырма тууралуу сөз болгон эмес. Марипов Интерттеги билдирүүсүндө Кайырманы айтып жатат, бирок Жогорку Кеңеште суу сактагычтын башатын айткан. Кайырма деле Кыргызстанга караштуу".

3-февралда парламентте өкмөт башчылыкка талапкерлиги каралып жатканда Улукбек Марипов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып аталган суу сактагычына кирген каналдын башы коңшу өлкөгө өтүп кеткенин айткан. «Төрткүл суу сактагычына келген каналдын башын да, тилекке каршы, алдырыптырбыз. Мен бул боюнча да тактадым. Бул жерде стратегиялык маселелер бар», - деген ал күнү Марипов.

4-февралда айрым эл өкүлдөрү бул боюнча депутаттык комиссия түзүп иликтөөнү сунушташкан. 5-февралда Баткенде облустук администрациянын алдында 250-300дөй адам нааразылык акциясына чыгып, Марипов сөзүн кайра артка алып, жаңылыш айтып алганын моюнуна алуусун, расмий билдирүү таратышын талап кылышкан.

Премьер-министр Улукбек Марипов расмий видеокайрылуу таратып, Баткен облусундагы Төрткүл суу сактагычына байланыштуу анын сөзү бурмаланып кеткенин билдирген.

Кыргыз өкмөтүнүн аппараты Төрткүл суу сактагычына байланыштуу түшүндүрмө берип, суу сактагыч жана ага кошулган каналдар Кыргызстанга тийиштүү экенин билдирген.

Төрткүл суу сактагычы Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен тилкесинде жайгашкан. Ал 11 миң гектар жерди суу менен камсыз кылат. (BCh)

XS
SM
MD
LG