Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:08

Муфтий шайлоодон чыккан интрига


Бишкектеги Борбордук мечит.
Бишкектеги Борбордук мечит.

Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын башчысы - муфтийди шайлоо күнүн Аалымдар кеңеши аныктай элек.

Муфтийди шайлоо үчүн отчёттук курултай чакырылып, анда Аалымдар кеңеши тандаган жалгыз талапкер көпчүлүк добуш менен бекитилет. Учурда муфтийлик кызмат орун үчүн ар кайсы диний жамааттар менен агымдардын ортосунда тымызын күрөш жүрүп жатканы айтылды.

Бул арада азыр иштеп жаткан муфтий Максат ажы Токтомушевди шайлоого чейин мөөнөтүнөн мурун кызматтан кетирип, анын ордуна муфтийдин милдетин аткаруучу кылып дайындоо аракети болуп, бирок ал ишке ашпай калганы тууралуу кеп болду.

Ишке ашпай калган «кетирүү операциясы»

Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын башчысы - муфтий Максат ажы Токтомушевдин ыйгарым укуктары 2021-жылдын 4-мартында аяктайт. Ошол мөөнөткө чейин Аалымдар кеңеши курултай чакырып, анда муфтийдин отчёту угулуп, андан соң курултайдын делегаттары жаңы муфтийди бекитет.

Мусулмандар дин башкармалыгынын Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдинов муфтий Максат ажы Токтомушевди шайлоого чейин эле арызын жаздырып, кетирүү аракети болгонун билдирди:

Бакыт Нурдинов.
Бакыт Нурдинов.

«Бийлик тараптан кээ бир аткаминерлер шашкалактап, жеке кызыкчылыгы үчүн президенттин инаугурациясына чейин күч түзүмдөрүнүн айрым өкүлдөрү менен бирге азирети муфтий Максат ажы Токтомушевге арыз жаздырып, кетирүү жана анын ордуна өздөрүнүн адамын алып келип, муфтийдин милдетин аткаруучу кылып дайындоо аракетин көрүшкөн. Бирок алардын мындай аракети ишке ашпай калды. Бул тууралуу жаңыдан шайланган президент маалымат алып, аны «муну билет» деген сөз жалган болуп чыкты. Ошондуктан мамлекет башчы «бардыгы мыйзам чегинде болсун» деп көрсөтмө берди».

Курултайдын алдында Аалымдар кеңеши тогуз кишиден турган комиссия түзүп, ал талапкерлердин документтерин, теологиялык билимин жана Баш мыйзам менен тааныштыгын текшерет. Комиссиянын алтоо Аалымдар кеңешинин, экөө Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү болсо, бирөө - Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкери. Аалымдар кеңеши алардын арасынан муфтийликке бирөөнүн гана талапкерлигин тандап, курултайга сунуш кылат.

Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев Аалымдар кеңеши шайлоо күнүн аныктай элек экенин айтты:

«Бул маселени толугу менен Аалымдар кеңеши чечет. Аалымдар кеңеши курултай чакырат, шайлоо күнүн аныктайт. Анан ага чейин талапкерлерди каттоого алып, алар менен аңгемелешүү жүргүзөт. Талапкерлердин резюмесин карап чыгып, алардын алган диний билимин текшерип, аларга коюлган талаптардын аткарылышын көзөмөлдөйт. Анан ал сынакты өткөрүп, толугу менен аны аягына чейин тандоону жүргүзөт».

Казияттардын сунушу менен Кыргызстандын жети облусунан шайланган делегаттар курултайга катышат. Анан ал Аалымдар кеңеши сунуш кылган талапкерди бекитип берет. Муфтийликке талапкерлерди каттоо, комиссиядан өткөрүү жана бир талапкерди тандап, курултайдын бекитүүсүнө сунуштаган жараянга жалпысынан бир айга чукул убакыт кетет. Шайлоо жараянын күч түзүмдөрү жана атайын комиссия көзөмөлдөйт.

Тымызын күрөш, тыйылбаган тыянак

Жалал-Абад облусунун мурдагы казысы Дилмурат ажы Орозов шайлоо качан өтөрү аныктала элек экенине карабастан, муфтийлик кызмат үчүн диний жамааттардын ортосунда тымызын күрөш башталганын айтты:

«Ушул шайлоого байланыштуу ар кандай жамааттардын топтору түзүлүп, алар бирин-бири жамандап жатканы терс көрүнүш. Мында биз ойлогондой, биздин көңүлүбүздөгүдөй иш болбой жатат. Бул жерде бир эле адамдын жеке кызыкчылыгы эмес. Ар кимиси өзүнчө диний агымдардын жана диний жамааттардын таасирлерин күчөтүү максатын көздөйт. Бул үчүн алар муфтийликти алууга кызыкчылыгы бар. Анткени жамааттар бийликти алуу менен муфтияттын ичиндеги кызматтарга, мечиттердин имамдыгына өз кишилерин дайындай башташат. Ошол аркылуу алар өздөрүнүн окуусун таратууга жол ачылып, ошондой мүмкүнчүлүк түзүлөт».

Буга чейин 2010-жылдагы элдик толкундоодон кийин муфтийлик кызмат талашка түшүп, маркум муфтий Мураталы ажы Жуманов уурдалып, кийин токмоктун кесепетинен көз жумган. Анын ордуна келген Сүйүн ажы Кулуевге да криминалдашкан топтор кол салып, токмоктолуп, кызматынан кеткен. Муфтийдин милдетин убактылуу аткарып турган Абдышүкүр Нарматов да коркутуп-үркүтүүгө дуушар болуп, арызын жазып берип, кеткенге шашканы айтылган. Ар бир муфтийдин тек-жайы расмий айтылбаганы менен алардын бүтүргөн диний окуу жайына жараша ар кайсы диний жамаатка таандык экени сөз болуп келген.

Жаатташкан жамааттар

Дилмурат ажы Орозов Кыргызстандагы эң таасирдүү диний жамааттарды атады:

«Биринчиси - салттуу исламды карманган молдокелерибиздин мектеби. Экинчи эң чоң жана таасирдүү жамаат - «Таблиги жамаат». Анын ичинде дагы бир канча агымдар бар. Анан «салафийлер» агымы бар. Аны мурда «вахабийлер» деп аташат эле. Мына ошол жолду тутунгандар бар. Ушул жолдогулардыкы бир топ коркунучтуу. Анткени дүйнө жүзүндөгү агрессивдүү кыймылдар менен агымдардын бардыгы ошол «салафийликтен» чыккан. «Гүленчилер» жамааты да аябай таасирдүү жамаат. Алардын өкүлдөрү мамлекеттик бийликте, керек болсо парламентке чейин киришкен».

Муфтийди шайлоого бийлик кийлигишип, анын көз салган адамы мусулмандар башкармалыгын жетектеп келгени белгилүү. Бирок 2012-жылы уламалар кеңеши альтернативдүү негизде төрт талапкерди колго салып, анда бийлик көрсөткөн талапкер өтпөй калган.

Бакыт Нурдинов бул жолку шайлоого бийлик кийлигишпесе талапкерлигин коё тургандар көп болорун айтты:

«Эми болсо жогору жактан «муфтийди шайлоого кийлигишпейбиз» деген сөздөр чыкты. Ошондуктан бул жолку муфтийлик шайлоого талапкерлигин коюп, бара тургандар кыйла көп болчудай. Мурда бийлик кийлигишип, жогору жак айткан адам гана шайлоодон утуп, өтүп келчү эле. Азыр эми мусулмандар жамааты шайлоо канчалык деңгээлде таза жана калыс өтөрүнө көз салып турат».

Учурдагы муфтий Максат ажы Токтомушев 2017-жылы 4-мартта Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын жетектөөгө экинчи ирет шайланган. Кийин бул диний уюмдун жобосу өзгөрүп, бир адам бир гана мөөнөткө муфтийликке шайлана ала турган чектөө киргизилген.

XS
SM
MD
LG