Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:17

Галина Байтерек Муфтияттагы окуяга президенттин тиешеси жоктугун айтты


Галина Байтерек
Галина Байтерек

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевге байланыштуу интернетке тараган аудиотасмага комментарий берди.

Галина Байтеректин билдирүүсүн 17-февралда Президенттин басма сөз кызматы таратты. Маалыматка караганда Максатбек Токтомушевдин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын жетекчилигинен кетишине президент Садыр Жапаровдун тиешеси жок:

“Галина Байтерек белгилегендей, мындай маалымат толугу менен чындыкка дал келбейт жана чагымчыл мүнөздө. Ал Садыр Жапаров мурдагы муфтий Рахматулла ажы менен буга чейин жолукпаганын жана сүйлөшпөгөнүн, ага эч нерсе убада кылбаганын кошумчалады”, - деп айтылат Президенттин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Интернетте тараган аудиодо белгисиз бирөө ага президент Садыр Жапаров муфтийлик кызматты убада кылганын айткан. Ошондой эле аудио тасмада Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Арзыбек Бурханов тууралуу, Максатбек Токтомушевдин кызматтан адилетсиз алынышы жөнүндө да маалыматтар бар.

10-февралда Максатбек Токтомушевди УКМК кармап, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 12-февралда жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

Ал эми 11-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Максатбек Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу менен баш тарткан арызын карап, канааттандырган. Ага чейин УКМК муфтияттагы мыйзамсыз аракеттер тууралуу иш козгогон. (RK)

XS
SM
MD
LG