Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:22

Финпол: Аалымдар кеңешинин муфтият боюнча арызы декабрда келип түшкөн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финпол) Мусулмандардын дин башкармалыгы боюнча иш 2020-жылдын декабрь айынан бери тергелип жатат. Бул тууралуу 12-февралда мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Финполдун маалыматына караганда, арыз менен Аалымдар кеңеши кайрылып, муфтияттын ишин текшерүүнү өтүнгөн.

Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 233-беренеси (Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) менен катталган.

“Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат. Мусулмандардын дин башкармалыгынын ишмердүүлүгү боюнча аудит жүргүзүлүп, салык боюнча текшерүү уюштурулууда”, - деп билдирди Финполдун басма сөз кызматы.

Муфтияттын каржылык ишмердүүлүгүнө байланыштуу дагы бир териштирүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) да жүрүп жатат.

12-февралда Муфтиятттын башкы эсепчиси эки айга камакка алынды.

10-февралда УКМК ал мыйзамсыз финансылык иштерге шектүү катары кармаганын маалымдаган жана “Муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар кошкон акчаны жеке каржы уюмдарына насыяга берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен жеке максаттарына жумшагандыгы аныкталды” деп билдирген.

Бекиевдин тарапташтары же жактоочулары бул айыптоого расмий комментарий берише элек.

Ошол эле күнү муфтийликти жетектеп турган Максатбек Токтомушев бул ишке шектүү катары кармалган.

11-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Максатбек Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу боюнча баш тарткан арызын карап, канааттандырган.

12-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Токтомушевди өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкат менен бошотту.

Мурдагы муфтий ага коюлган айыптар боюнча комментарий бере элек. Өткөн жумада ал "Азаттыкка" курган маегинде ажылыктын акчасы боюнча айтылып жаткан айыптоолор жалаа экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG