Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:39

Иликтөө-2020: Уландан уланган жол…


Журналисттер, мокобогула!
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:48 0:00

Журналисттер, мокобогула!

12-февралда иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев тирүү болсо 31 жашка чыкмак.

Уланбек Эгизбаевдин ишин улантуу максатында түзүлгөн Журналисттик иликтөөлөр фонду бүгүн иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкере кылган демилгелерди колдоо жаатында иштеп жатат.

Уюм негиздеген "Уланбек Эгизбаев атындагы" сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда мыкты иликтөөчү журналистке ыйгарылып келет.

Бул ирет «2020-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү» сынагынын жыйынтыгына ылайык жеңүүчүлөр аныкталды.

Иликтөөчү журналисттер фонду жарыялаган конкурстун жыйынтыгында 1-орун “Телевизиондук Академия” коомунун астында Адил Турдукулов, Булат Сатаркулов, Александр Тропейко биргелешип даярдаган “Парки коррупционного периода” (“Коррупцияга малынган Бишкектин гүлбактары”) аттуу иликтөөсүнө ыйгарылды.

2-орун «Клооп» басылмасы даярдаган «Кольца коррупции» (“Коррупция айлампасы”) иликтөөсүнө тийди.

3-орун журналисттер Болот Темиров жана Али Токтакунов биргелешип даярдаган “Райымбек Матраимовдун бажыдагы сансыз туугандары” аттуу иликтөөсүнө берилди.

Мындан тышкары атайын сыйлыктар "Т-Медиа Групп" жана "ПолитКлиника" басылмасына ыйгарылды.

Уланбектин изи өчпөйт, иликтөөлөр уланат

Форумда сөз сүйлөгөн Уланбектин жубайы Сапаргүл Абдинабиева коом дайыма журналисттерден так, ачык маалыматтарды күтүп турарын айтты.

«Жыл сайын иликтөөлөрдүн саны өсүп жатканына кубанычтабыз. Уландын уланганы ушул. Айрыкча азыр коомдо туура маалымат менен жалган маалыматты, ак менен караны ажыратуу оор болуп турган учурда журналисттердин орду абдан жогору. Ошондуктан сиздер чарчабай, катарыңыздар калыңдай берсин».

Ал эми"Азаттык Медиа" мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева журналисттик иликтөөлөргө басым жасаган басылмалардын көбөйүп баратканына токтолду.

«Буга чейин азыраак маалымат каражаттары иликтөө жасап келген болсо, азыр дээрлик күчтүү басылмалар иликтөөнүн жаңы ыкмаларын үйрөнүүгө аракет жасап, колдон келишинче жаңылык киргизүүдө».

Касмалиева ириде буга чыгаан журналист Уланбек Эгизбаевдин ишин улантуу максатында түзүлгөн Журналисттик иликтөөлөр фондунун салымы бар экенин белгиледи.

"Азаттык Медиа" мекемеси атайын сыйлыгын ыйгарган “Политклиника” басылмасы бийликтин пандемияда коргонуучу каражаттарды сатып алуудагы коррупциялык иштерин иликтеген.

“ПолитКлиника” басылмасынын редактору Дилбар Алимова кыргыз коомунда журналисттик иликтөө жасоо көп убакыт, чоң каражатты талап кыларына токтолду.

«Негизи журналисттик иликтөө көп убакыт, чоң каражатты талап кылат. Эл аралык уюмдардын, фонддордун колдоого алганы бул жанрдын өнүгүшүнө чоң салым кошууда. Азыр кыргыз редакциялары үчүн өз күчү менен иликтөө жасашы кыйын».

Ал эми «Клооп» интернет-басылмасынын редактору Элдияр Арыкбаев чуулгандуу иштерди ашкере кылып, жемкорлукту ашкерелөө аракетине бийликтин реакциясы дагы маанилүү деди.

«Бийликтин иликтөөлөргө реакция кылуусуна жеткирүү чоң маселе. Бийлик дайыма эле көңүл бура бербейт. Маселен, Орусияда мыкты иликтөөлөргө бийлик көңүл бурбайт. Кыргызстанда бир аз абал жакшыраак. Кичине реакция кылат же комментарий берет. Бирок, иликтөөнүн жыйынтыгында азыркыдан да жакшы реакция болсо болмок».

Журналисттик иликтөөлөр фондунун байкоочу кеңешинин жетекчиси Султан Каназаров иликтөө материалдарынын сандан сапатка өтүү мезгил талабы экенин белгилеп, аны калың элге жеткирүү жагына токтолду.

«Азыр эл текст окугандан бир качып калды. Жөнөкөй, жатык тил менен даярдалган видеолор көбүрөөк тренд болуп жатат. Бардык эле массалык маалымат каражаттарынын сапаттуу видео жасоого мүмкүнчүлүгү жок. Бирок ошого өтүшүбүз керек».

АКШнын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу, "Интерньюс", “Сорос” уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчилери жана иликтөөчү журналисттер катышкан бул форумда Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кыргызстанда журналисттик иликтөөлөр жанры өз жолуна түшүү аракетинде экени айтылды.

Экс-президент Роза Отунбаева кандай болгон күндө да журналисттерди эч качан мокоп калбоого чакырды.

«Матраимовдун иши кулакты жеди. Бирок, ошого карбай жыйынтыгы болбой жатат. Бирок, мен Али айткандай “мокобош” керек дейм. Мокобогула деп дагы бир жолу кайрылгым келип жатат».

Бул сыйлык 3-ирет тапшырылып жатат. 2020-жылы сынакка жалпы 40 эмгек келип түшкөн.

Мындан тышкары бул күнү Уланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чараларынын алкагында Иликтөөчү журналисттер фонду уюштурган "Чындык" аттуу форум өттү.

11-февралда Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында «Уландын иши уланат» аттуу эскерүү иш-чарасы өткөн.

Маркум журналисттин жаркын элесине арналган иш-чараны "Уланбек Эгизбаев атындагы жаштар бирикмеси” уюштурду.

Эскерүү кечесине Эгизбаевдин апасы, жубайы, жакындары, кесиптештери, экс-президент Роза Отунбаева, чыгармачыл адамдар жана активист жаштар катышып, анын эмгектери кийинки жаштарга үлгү болорун белгилешти.

"Чагылгандай жаркырап жанып чыктың..."
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:57 0:00

Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген «ЖЭБ: 386 млн. доллар кайда короду?», «Бажыдагы уурулук», «Темир жолдогу жемкорлук», «Музейге сарпталган миллиондор», «Мансаптуулардын жер бизнеси», «Саясатташкан мумия» өңдүү ондогон курч видеоиликтөөлөрү менен таанылган.

Көп кырдуу таланттын кыска өмүрүндө калтырып кеткен эмгектери – жемкордукту, мыйзамсыздыкты ашкерелеген видео иликтөөлөрү, даректүү тасмалары, фотобаяндары кагазга түшүрүлүп, «Чындык деп жанган өмүр» ("В поисках правды") деген аталышта кыргыз жана орус тилдеринде китеп болуп басылып чыккан. Китеп «Азаттык Медиа» мекемесинин демилгеси жана «Сорос - Кыргызстан» фондунун каржылык колдоосу менен жарык көргөн.

Ошондой эле иликтөөчү журналист билим алган Көк-Жар орто мектебинин кыргыз тилин мыкты окуган эки бүтүрүүчүсүнө ар окуу жылдын соңунда "Уланбек Эгизбаев атындагы" стипендия демөөрчүлөрдүн атынан тапшырылат.

Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунун жашоочуларынын демилгеси менен бир көчөгө Уланбек Эгизбаевдин ысымы ыйгарылган.

Мурдагы президент Сооронбай Жээбековдун жарлыгы менен Уланбек Эгизбаевге көзү өткөндөн кийин "Эрдик" медалы ыйгарылган.

2019-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы ыйгарылып, күбөлүгү жана төш белгиси Уланбектин жакындарына тапшырылган.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө 28 жашында каза болгон. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун билдирген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG