Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:09

Уланбек салган жолду улантууга эрк керек


Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү. 12-февраль, 2020-жыл
Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү. 12-февраль, 2020-жыл

Жыл сайын ыйгарыла турган журналист Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкка “Азаттык”, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору” (OCCRP) жана “Kloop Media” басылмасынын бажы тармагындагы коррупция, сыртка мыйзамсыз ташылган акча тууралуу иликтөөсү татыды.

“Журналисттик иликтөөлөр фонду” Уланбек Эгизбаев атындагы 12-февраль - анын туулган күнүнө карата жыл сайын ыйгарылчу журналисттик иликтөө сыйлыгын негиздеген. Бул сыйлык быйыл экинчи жолу берилип жатат.

"Өткөн жылы тандоо комиссиясына мыкты материалды аныктоо оңой болгон. Бул жылы сапаттуу материалдар көп түшкөндүктөн комиссиянын курамына жарандык коом, медиа эксперттерди да коштук. Иликтөөлөрдүн көбү масштабдуу, сапаттуу жана кызыктуу болду", - деди “Журналисттик иликтөөлөр фондунун” байкоочу кеңешинин жетекчиси Султан Каназаров.

Ошентип баш байгеге үч медианын биргелешип жасаган эмгеги татыктуу деп табылды.

“Kloop Media” басылмасынын негиздөөчүсү Бектур Искендер ириде бир нече айлап көзүнүн майын кетирип, өмүрүн тобокелге салып иликтөөгө катышкан бардык авторлордун ысымы коопсуздук чараларынан улам ачык айтылбай жатканына кейиди.

Бектур Искендер өлкөдөгү жалпыга маалымдоо каражаттары коррупция, мыйзам бузууга каршы биримдикте болушу зарыл экенине токтолду.

"Мен көшөгө артында иштеген командага өзгөчө ыраазымын. Тилекке каршы, иликтөөгө катышкандардын баарын көрсөтө албайбыз жана бул жаман көрүнүш деп ойлойм. Журналисттердин коопсуздугун камсыз кылам деп убада берилгени менен андай эмес болуп жатат. Бул иликтөөнүн ийгилиги – «Азаттык», «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана «Kloop Media» бири-бирин атаандаш катары көрбөй бирге иштегени болду. Биз чындыгында атаандаш эмеспиз. OCCRP сыяктуу эл аралык уюмдар менен иштешүүдө биздин оозубузду басууга кыйын болот. Алар бизди сотко берип, коркутуп, ар кандай чабуул жасоого аракет кылып жатышат. Биз көбөйдүк, күчтөндүк, эр жүрөк болуп калдык. Эң негизгиси “биз силерден коркпойбуз жана ишибизди уланта беребиз” демекчимин!".

Кыргызстандан көмүскө жолдор менен мыйзамсыз чыгарылып кеткен миллиондогон доллар тууралуу иликтөөлөрдөн кийин жарандык коом бир эмес, эки жолу нааразылык акцияларын өткөрүп, бийликти реакция жасоосун талап кылышкан.

“Азаттык медиа” мекемесинин директору Айзада Касмалиева журналисттер мыкты иликтөөлөрү менен коомду ойгото аларын белгиледи.

"Азырынча жогорку бийликтеги кайсы бир күчтөр, тараптар коргонуу позициясында “бул казынанын акчасы эмес" деп жатып ошол учурдагы кызык фактыларды ачып жатышат. Мыйзамсыз иштерге көз жуумп койгон учурларды, төлөнбөй калган салыктарды алып чыгышууда. Иликтөөгө жаңы кадам таштаган журналисттер эми ошол айтылган фактыларды иликтегиле. Өздөрү айткан фактыларды изилдегиле!".

2019-жылы көпчүлүк басылмалардын журналисттик иликтөө жасоого аракети күч болгону байкалды. Баш байгеден сырткары 2-орунга “Kloop Media” басылмасынын Бишкектеги Ататүрк паркынын аймагынан сатылган жерлер тууралуу иликтөөсү татыктуу болду.

Ал эми 3-орун – Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын жасалгаларынын баасын иликтеген эмгеги үчүн​ Factchek басылмасынын редактору​ Болот Темировго берилди.

Болот Темиров.
Болот Темиров.

"Бүгүн мага Улан жетишпей жатат. Иликтөөчү журналисттер аз, анткени бул иш абдан кооптуу жана эркти талап кылат. Улан жөнүндө жазылган китептерди окуп, аны менен максаттарым бир экенин түшүндүм".

Темиров командасы менен биргеликте Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургуновага жана уулуна таандык кымбат баалуу сааттар, кийим-кече, асем жасалгалары, автоунааларынын баасын эсептеп чыккан. Кызыгы, журналисттер муну Интернеттеги ачык булактар аркылуу изилдешкен.

Ал эми атайын сыйлыктар «T-Media» сайтынын журналисти​ Марат Акимбек уулуна «​Ош: ипотекага жамынган үй сатуу бизнесиби?» деген эмгеги үчүн; журналист ​Абдылда Темирбердиевге «Уурдалган алтындар» деген эмгеги үчүн ыйгарылды. Бул журналисттер өз аймагындагы көйгөйлөрдү көзгө сайып көрсөтүп беришкен.

Уланбек Эгизбаевдин аялы Сапаргүл Абдинабиева Уланбектин иши уланып жатканына ыраазычылык билдирди.

"Улан өзү “Азаттыктын” колдоосу менен Украинага барып иликтөө жаатында сабак алып келген. Ал Кыргызстанда журналисттик иликтөө Украинадагыдай деңгээлге жетсе экен деп самаган. Бир иликтөөнүн артынан чоң команда иштерин түшүнүп келген. Азыр сыйлык алган иликтөө анын тилеги ишке ашып жатканынан кабар бергендей болду. Акырындап жакшы болуп келатат. Баарыңыздарга рахмат!".

Сыйлоо аземине экс-президент Роза Отунбаева баштаган коомдук ишмерлер, саясатчылар, медиа уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер катышты. Чогулгандар журналисттик иликтөөнүн тажрыйбасы жана келечеги тууралуу да талкуулашты.

"Менин байкашымча, кыргыз тилдүү журналисттер документ менен иштегенден аксайбыз. Ошол жагынан бизге жол көрсөткөн, тажрыйба бөлүшө турган окуулар болсо дейт элем. Эми азыр иликтөө жана аналитика жаңыдан өнүгүп жатпайбы", - деди журналист Айбек Бийбосунов.

BBC кыргыз кызматынын редактору Кубат Чекировдун пикиринде, Кыргызстанда журналистик иликтөө жанры телчиге албай жатат. Чекиров иликтөө оңой-олтоң иш эмес экенин белгиледи.

"Кыргызстанда “Азаттыкты” жана анын бир эки шериктешин эске албаганда иликтөөнүн абалы начар эле. Себеби, журналисттердин теориялык билими тайкы. Ал тажрыйбада билинет. Өзүңдү баатыр сезип иликтөө жасайм деген туура эмес. Эгерде билимиң, керектүү юридикалык колдоо болбосо, ошол паракорлорго жем болуп калышың мүмкүн".

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров журналисттердин чуу жараткан иликтөөлөрүнө бийлик реакция кылбай жатканына нааразы. Иликтөөнүн жыйынтыгына жетүү үчүн жарандык коом дагы бийликтен талап кылганды үйрөнүшү керек деген ойдо.

"Жыл сайын Уландын туулган күнүн эскерип турган жакшы. Бирок, анын иши, ал ачып кеткен фактыларга чара көрүлбөйт. Күнөөлүүлөр жазаланбайт. Мисалы, көр сатуу боюнча баарын ачып берген. Эч жыйынтык жок".

Уланбек каза тапкан 2018-жылы 14-сентябрда Журналисттик иликтөөлөр фонду ишке киришкен. Фонддун максаты - Кыргызстанда иликтөөчү журналистика жанрынын өнүгүшүнө, коррупциялык схемалар менен мыйзам бузуу фактыларын ачыкка чыгарууга жана андай аракеттерге бөгөт коюу фактыларын чагылдырууга багытталган демилгелерди колдоо.

"Жыл сайын Уланды эстеп, анын атындагы сыйлыкты тапшырабыз. Уландын арты улансын, Уландай, андан артык деңгээлге жеткен журналисттер болсун деген аракеттебиз. Биз окуй турган нерселер көп. Семинар, окуулар болуп жатат. Ушул жерде отурган окуу жайлардын декан, мугалимдерине кайрылабыз. Кыйын студенттерди бизге багыттап турсаңар. Коррупцияны оңой жеңе албайт экенбиз. Буга билим, жаңы технология, керек экен. Фондго ийгилик каалайм. Мен дагы бир жолу Уланбек Эгизбаевге таазим этем. Бизге туу болуп, үлгү көрсөтүп турган Уландын элеси эч качан өчпөсүн!".

2018-жыл үчүн башкы сыйлыкты «Азаттыктын» Ош облусундагы кабарчысы Ыдырыс Исаковго ыйгарып, аны 2018-жылы 12-февралда тапшырган. Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаевдин көзү тирүү болгондо 12-февралда 30 жашка чыкмак.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG