Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

Бир жылды карыткан кыңыр иш


Бишкектеги көрүстөндөрдүн бири.
Бишкектеги көрүстөндөрдүн бири.

Финансы полициясы маркум журналист Уланбек Эгизбаевдин иликтөөсүндөгү көр сатуу фактылары аныкталып, кылмыш иши сотко өткөнүн жарыялады.

Бул боюнча ысымдары толук белгисиз, инициалдар менен гана кыскартылып көрсөтүлгөн Бишкек аза кызматын көрсөтүү агенттигинин мурдагы жетекчисине жана андагы жумушчуларга айып коюлганы белгиленген.

Бирок агенттиктин азыркы жетекчилигинин жоопкерчилиги тууралуу мекеме тараткан маалыматында эч нерсе жок. Ошондой эле Финансы полициясы көзү тирүү адамдарга алдын ала сатылган кабыр жайлары тууралуу толук маалымат берген эмес.

Финполдун тергөө жыйынтыгы

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы туура бир жылга чукул убакыттан соң, маркум Уланбек Эгизбаев бетин ачкан Түштүк-Батыш көрүстөнүндөгү кабыр жайларын сатуу фактылары бар экенин ырастап, бул кылмыш иши тергелип бүтүп сотко жөнөтүлгөнүн жарыялады.

"Азаттыктын" архиви: Көрүстөндөгү коррупция. 30-май, 2018-жыл

Буга байланыштуу Бишкек шаардык аза кызматын көрсөтүү агенттигинин мурдагы жетекчисине, бригадирге, мурда иштеп кеткен жана учурда иштеп жаткан жумушчуларга - жалпысынан төрт адамга айып коюлганы белгилүү болду.

Финансы полициясынын маалымат катчысы Анастасия Пискур текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча эки жүздөн ашуун кабыр жайы мыйзамсыз берилген фактылар аныкталганын билдирди.

"Алар пайда көрүү үчүн тиешелүү документтерди жоболоштурбай жана кассага акчасын төлөбөй туруп, каза тапкандарды көрүстөндүн аймагына койгонго жол беришкен. Мындай мыйзам бузууларга байланыштуу мэриянын ар кайсы түзүмдөрүнөн өкүлдөр кирген комиссия түзүлүп, агенттик тарабынан эки жүздөн ашуун кабыр жайлары каттоого алынбаганы аныкталган. 1 миллион сомдон ашуун акча ишкананын кассасына төлөнгөн эмес. Тергөө учурунда бул фактылар боюнча аудит жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы дагы муну тастыктаган".

Финансы полициясынын бул кылмыш ишин иликтөөсү эмнегедир 2014-жылды жана 2015-жылдын беш айын гана ичине камтып, бул ишке шектүүлөр катары аза кызматы агенттигинин мурдагы директору К.Б, мурдагы кароолчу М.К., бригадир А.Ф, жер казуучулардын бригадири А.А деген адамдар Түштүк-Батыш көрүстөнүндөгү инженердик-коммуникация жайгашкан жерден кабыр жайларды сатканы көрсөтүлгөн.

Жер казуучулардын бригадиринен шаардан чыкпоо боюнча тил кат алынып, бөгөт чарасы тандалган. Ошол эле кезде маркум журналист Уланбек Эгизбаев "Азаттыктагы" иликтөөсүндө көзү тирүү адамдарга кабыр жай үчүн орундар алдын ала берилип кеткен фактыларды ашкерелеген.

Бирок бул жагдайды Бишкек шаардык аза кызматы агенттиги учурунда ырастаган эмес. Бул маселе боюнча Бишкек шаардык аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директору Аскербек Алиев менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал мындан эки ай мурун бул иштерге анын эч кандай тиешеси жоктугун айткан.

"Мына ошол мындан он жылдай мурун берилип кеткен нерселерге менин кандай тиешем болмок эле? Бирок мени жаманатты кылып салбадыбы. Ошонун кимге кереги бар эле? Мен бул иштердин бардыгын териштирип, бүт кагаздардын бардыгын тиешелүү укук коргоо органдарына тапшырып бергем".

«Медиа полиси» институтунун юристи Акмат Алагушев маркум журналист Уланбек Эгизбаевдин «Көрүстөндөгү коррупция» иликтөөсүнөн кийин козголгон кылмыш иштерин иликтөө чабал жүрүп жатканын билдирген.

Ага чейин Бишкектин Ленин райондук соту журналисттин иликтөөсүндө көр сатуу фактыларын ачык айтып чыккан Максат Баялиевдин маалыматын "жалган" деп таап, аны даттануучуларга 20 миң сом доо төлөөгө милдеттендирген.

"Азаттыктын" архиви: "Көр сатуу: уурусу күч болсо...", 21-март, 2019

Түшүнүксүз жагдайлар

Юрист Акмат Алагушев жарандык доо арызды кароо учурунда козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк берилбей, тоскоолдук болгонун айтты.

"Доо арыз каралып жаткан кезде Финансы полициясы тарабынан козголгон кылмыш ишинин жагдайлары боюнча маалыматтарды сураганбыз. Себеби, жарандык доодо деле мына ошол кылмыш ишиндеги жагдайлар каралып жаткан. Бирок бизге тиешелүү маалыматтарды беришкен жок. Тергөө иши кыскарып кеттиби же токтотулдубу, иши кылып эмне болгонунан кабарыбыз жок. Тергөө бир жылга чукул убакыттан бери жүрүп жатат. Ал эми жарандык иште доогерлердин ысымдары аталган эки сүйлөмдү төгүндөө боюнча сот чечим чыгарган. Анткени кылмыш ишин козгоо боюнча токтомдордо доогер тараптын ысымдары жок экен. Биз бул ишти кайра кароо боюнча апелляциялык негизде сотко бергенбиз. Анткени бул иш боюнча жоопкер болуп жаткан иликтөөдөгү каарман Максат Баялиев соттон утулгандан кийин апелляция берген эмес".

Коркунучтуу өнөкөт

Ишти караган Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьялары Чынара Ибраева жана Салтанат Сулайманова буга чейин иликтөөдө кабырлардын сатылып жатканы тууралуу интервью берген Максат Баялиев Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасовго жана бригадир Алихан Алиевге 10 миң сомдон төлөп бериши керек деген чечим чыгарган.

Ал эми «Азаттык» доогерлердин аты аталган фактыларды төгүндөөгө милдеттендирилген.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары көрүстөндөн акча жасоону ачык айткандардын өзүн айыпка жыккан соттун чечимин сынга алган.

Медиа эксперт, журналист Султан Каназаров бул кылмыш ишин иликтөөнүн түшүнүксүз жыйынтыгы тууралуу мына буларга токтолду:

"Бул көрүстөндөгү көз боёмочулуктар боюнча маселеде чоң акча айланары байкалып калды. Анткени маркум Уланбек Эгизбаевдин иликтөөсүнөн кабыр жайлары сатылган жагдайларды биз өз көзүбүз менен көрдүк да. Бирок сот эми мына ушуга көз жуумп жаткан болсо, анда ал соттун көзү көр, кулагы дүлөй жана тили жок болушу мүмкүн. Көр сатуу фактыларын көзгө сайып көрсөтүп берген адамдар соттон утулуп калса, анда бул абдан коркунучтуу өнөкөт. Эми мындай кыңыр иштер тууралуу эч ким ачык айтпай коюшу мүмкүн".

Турдалиев: Эгизбаев тапкан фактылар көңүл сыртында калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:45 0:00
Түз линк

Маркум журналист Уланбек Эгизбаевдин Бишкекте көр саткандар тууралуу иликтөөсү былтыр 30-майда эфирге чыгып, коомчулукта чоң резонанс жараткан. Буга карата сюжетте ысымдары аталган Бишкек шаардык аза кызматын көрсөтүү агенттигинин кызмат адамдары сотко кайрылышкан. Кийин бул ишти иликтөө боюнча кылмыш иши козголуп, аны тергөө Финансы полициясына берилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG