Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 11:19

Көр сатуудан чатак чыкты


Кара-Жыгач айылындагы көрүстөн

Баш калаага ирегелеш Аламүдүндүн Кара-Жыгач айылында маркумдарды жерге жашыруу үчүн мүрзөгө жер сатуу өнөкөтү күчөдү.

Мыйзамга жана шариятка туура келбеген бул көрүнүштү тыйууну талап кыла берип жадаган жергиликтүү тургундар борбордук бийликке кайрылууга аргасыз болду. Кайрылууда аты аталган тарап мындай айыптоону четке кагууда. Ошол эле кезде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул маселени иликтөөгө алды.

Көрүстөндөн киреше көздөгөндөр

Кара-Жыгач айылынын сексенге чукул тургуну кол койгон кайрылууда Ала-Тоо конушундагы мүрзөдөн жер берүү айылдагы бир ууч топтун ири киреше табуу булагына айланганы көрсөтүлгөн. Айрыкча айыл тургундарынын башка жакта жашаган туугандары көз жумса, аларды мындагы көрүстөнгө жашыруу үчүн 4 миң сомдон 10 миң сомго чейин акча талап кылынаары мисалга алынган.

Кара-Жыгач айылынынын тургуну Канатбек ажы Асылбаев андай адатты тыям деп катуу кагуу жептир:


- Көрдү төрт миң сомдон сатып, силер жинди болдуңарбы, "менин колумсуз, бул жерге эч ким койулбайт дегидей” силер каяктан чыккан машаяксыңар деп аларды тартипке чакыргым келген. Бирок мына ошол топтун башында турган айылдык кеңеш депутаты Камил Ниязов деген неме мени жакалап, “сенин эки бутуңду бир кончко тыгып коём, мен деген Камилмин, мен деген майормун” деп опурулду. Ары-бери сүйрөп, жашым өтүп калган аксакал экениме карабай жулмалады. Буга ошол учурда менин кошунамдын аялы өтүп кетип, аны жайга койдурбай “төлөсөңөр анан жерге коёсуңар” деп мындагы айылдаштарга үстөмдүк кылганы себеп болду. Биз ага чыдай алган жокпуз. Ошондон бери ушул чатак уланып келе жатат.

Буга чейин айыл тургундары маркумду жерге жашырууга көр сатуу өнөкөтү мыйзамга жана шариятка туура келбестигин айтып, Аламүдүн районундагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө арызданышкан. Бирок белгисиз себептер менен андай даттанууларга жооп болгон эмес.

Чогулган акчанын дайыны жок

Кайрылууда көрүстөндүн аймагын кеңейтип, жер сатып алуу үчүн жыл сайын айыл тургундарынан акча чогултулуп, бирок ушуга чейин анын дайыны жок экени эскертилген. Бирок жер тарып баратат деген шылтоо менен жергиликтүү төбөлдөр башкасы бүтүп эми маркумду жашыруу үчүн мүрзөнү сата башташты деген нааразылык күчөдү.

Айылдын имам-хатиби Таир ажы Ибраимов көрүстөнгө кожоюндук кылган топтун өзүм билемдиги чектен чыкты деп эсептейт:

- Биздин эле башка жакта жашап жүрүп көзү өтүп кеткен туугандарды жерге жашырууга уруксат бербей акча талап кылышууда. Алардын койгон талабы эле жер тарыгандыгына байланыштуу айылда каттоосу жоктор акча төлөш керек деген эрежени ойлоп таап алышыптыр. Ошол акча кимдин эсебине кетип жатканы да белгисиз. Он эки жылдан бери ар бир үйдөн ай сайын жүз сомдон топтошот. Анан айылдагы жакшы жашаган адамдардан эки жүз долларга чейин демөөрчүлүк жардам алышкан. Анан канча акча топтолгону жана анын максаттуу жумшалышы боюнча элге эч ким отчет берген эмес. Бир нерсе десең эле коркутуп-үркүтө башташат.

Имам-хатибдин сөзүн көрүстөндө мүрзө казуу иштери менен алектенген Сайдулла Амуриллаев дагы ырастады:

- Менин бул жерде иштегениме үч жылдан ашты. Мындан мурда буга окшогон көрүнүштөрдү көргөн эмеспиз. Биз өткөндө шаарда кайтыш болгон айылдашыбыздын жайын казып жатсак эле мына ошол Камил Ниязов бир топ адам менен келип, “акчасын төлөбөсө бул жерге койдурбайбыз” деп бизди көрүстөндөн кубалап чыгышты. Эми биздин айылдаш болгон соң, мында анын туугандары жашашса ким аларга тыйуу салганга уруксат бергенин биле алган жокпуз. Ушуга окшогон көрүнүштөр көбөйүп баратат.

Экинчи жак айыптоону куру жалаа деп эсептейт

Ошол эле кезде кайрылууда аты аталган Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаты Камил Ниязов ага карата коюлган айыптоолорду четке какты. Көп жыл милицияда иштеп, бир топ сыйлыкка татыгандыгын айткан отставкадагы милициянын майору мунун бардыгын ага каршы атайын уюштурулган кутум катары баалады.

Камил Ниязов көрүстөндөгү жердин тартыштыгынан улам, маркумдарды сырттан алып келип койууга гана каршы чыкканын белгиледи:

- Кыргыз туугандар шаарда, же башка жакта көзү өткөн жакындарын алып келип көмө баштаганда биз ага каршы чыкканыбыз чын. Бирок бизди мүрзө сатты деп айыптоого негиз жок. Анын маселесин айыл өкмөт чечет. Мен өмүр бою чынчыл иштеген адаммын. Анан кантип мен ушул мүрзө сатуудан акча жасап калайын. Мунун бардыгын мага каршы турган алдамчылардын тобу уюштурууда. Анын башында ким турганын дагы билем. Алар бул жердеги уйгурлардын башында турган чынчыл, лидер адамды каралагысы келип жатышат. Алардын бул ою ишке ашпайт.

Ишти чекисттер иликтейт

Учурда айыл тургундарынын кайрылуусунун негизинде андагы маркумдарды жерге жашыруу үчүн көр сатуу фактысын тастыктоо боюнча атайын иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынынын жетекчиси Нурлан Токталиев мындай деди:

- Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айыл аймагынын Ала-Тоо конушунун тургундарынын кайрылуусунун негизинде учурда иликтөө иштери башталды. Мында келтирилген фактыларды тастыктоо үчүн тиешелүү далилдер болуш керек. Мына ошол далилдер жана көрсөтмөлөр боюнча иликтөө иштери бүтсө бул боюнча чара көрүү маселеси чечилет. Бул ишти аягына чыгарып, чекит койуу жагы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Аламүдүн райондук бөлүмүнө тапшырылган. Иликтөө бүткөндөн кийин арызданган тарапка кат жүзүндө расмий жооп болот.

2009-жылы Кара-Жыгач айылдык кеңеши сырттан алынып келинген маркумдарды жерге жашыруудан акы алуу боюнча токтом кабыл алган. Анда жергиликтүү тургундарга көрүстөндөн жайды бекер берүү, каттоосу болуп, бирок башка жакта жашагандарга бир жарым миң сом, каттоосу жок, бирок туугандары бул жакта болсо 4 миң сом өлчөмүндө акы алуу тартиби каралган. Бирок Кара-Жыгач айыл аймагынынын башчысынын милдетин аткаруучу Мария Узденова токтомдун кайсыл мыйзамдын негизинде кабыл алынганы боюнча суроого жооп берүүдөн баш тартты. Анткени Кыргызстандын жер кодексинде көрүстөндөн жай алууга акы алуу жагы көрсөтүлгөн эмес.
XS
SM
MD
LG