Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:28

Маркум Эгизбаевге соттон чакыруу келди


Уланбек Эгизбаев.
Уланбек Эгизбаев.

“Азаттык” радиосунун кабарчысы, белгилүү иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев көзү тирүүсүндө даярдаган "Көрүстөндөгү коррупция" иликтөөсүндө ачыкталган жагдайлар тууралуу козголгон кылмыш иштери алдыга жыла элек.

Уланбек Эгизбаевдин "Көрүстөндөгү коррупция" иликтөөсү боюнча эки кылмыш иши козголгон.

Башкы прокуратура биринчи кылмыш иши "быйыл 22-июнда, журналист тирүү кезде эле козголгон” деген маалыматты 20-сентябрда жарыялаган. Бирок ал кайсы берене менен жана кимдерге карата козголгону ушу күнгө чейин айтыла элек.

Октябрда прокуратура көрүстөн бизнесине байланыштуу Бишкектин Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 304 (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 166 (“Алдамчылык”), 171 (“Ишенип берилген мүлктү менчиктеп алуу же таратып жок кылуу”) деген беренелеринин негизинде экинчи кылмыш иши козголгонун кабарлады.

Эки кылмыш иши тең Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлгөн. "Азаттык" бул мекемеден иликтөө тууралуу эки күн бою маалымат ала алган жок. Аталган кызматтын жетекчисине расмий кат жолдоп, анын жообун күтүп жатат.

Түштүк-батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасов.
Түштүк-батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасов.

Ошол эле кезде Бишкектин Ленин райондук соту Уланбектин иликтөөсүндө кабырларды кызылдай акчага сатканы маалымдалган Түштүк-батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасов жана бригадир Алихан Алиевдин доо арызын кароо мөөнөтүн 16-17-январга белгиледи.

Алар Уланбек Эгизбаевге, "Азаттык" радиосуна жана иликтөөгө катышкан Түштүк-батыш көрүстөнүнүн мурдагы жетекчиси Самат Сулаймановго, мүрзө казгыч Максат Баялиевге карата "кадыр-баркыбызга доо кетирди" деген негизде сотко кайрылган.

"Азаттыктын" кызыкчылыгын жактаган медиа-эксперт, юрист Акмат Алагушевдин айтымында, доогерлердин даттануусу экиге бөлүнүп, аны эки бөлөк судья карай турган болду. Юрист программа боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу так маалымат берилбей жатканын белгиледи:

- Булар эки арыз жазышкан. Анын бири - "Азаттыкка", Улан Эгизбаевге жана Максат Баялиевге карата. Экинчиси - "Азаттык", Улан Эгизбаев жана Самат Сулаймановго карата жазылган. Бир иш боюнча сот 16-январга, экинчиси 17-январга белгиленди. Тергөө органдарынын жооп берген каттарында фамилиялар жок. Кимдин эмнеге айыпталып жатканы так эмес. Жарым жылдан ашты. Уландын иликтөөсү боюнча 22-июнда козголгону айтылган кылмыш иши эмне болгону белгисиз. Бирөөгө айып койдубу же жокпу, такыр маалымат жок.

Сотко доо арыз берген Чыңгыз Апасов менен Алихан Алиев мезгилсиз каза тапкан Уланбек Эгизбаевге карата доо арыздарынан баш тарткан.

Ошол эле кезде "Азаттык" жана иликтөөгө катышкандар боюнча арыздарын өзгөрткөн эмес. Бирок "Азаттыктын" кеңсесине 9-январда Ленин райондук сотунан маркум Эгизбаевдин дарегине чакыруу келди.

Маркум Уланбек Эгизбаевдин атына соттон келген чакыруу.
Маркум Уланбек Эгизбаевдин атына соттон келген чакыруу.

Коомчулукта Уланбектин иликтөөсүндө бардык далилдер ачык жана кашкайып көрүнүп турганына карабай, кабыр саткандар жазага тартылбай жатат деген пикирлер басымдуу.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев "Көрүстөндөгү коррупция" берүүсүнөн кийин көр сатуу токтобой эле, уланып жатканын айтып, мыйзамсыз көрүнүштөргө бөгөт коюу үчүн ал маселени тынбай көтөрүп турууга коомчулукту чакырды:

- Кайсы маселе болбосун депутаттар көтөрүп же журналисттер жазып чыгыш керек. Ансыз күч органдары көңүл бурбайт. Улан көтөргөн темаларды да коомчулук көзөмөлдөп, депутаттар, журналисттер тынбай козгоп, күч органдарынын артынан сая түшүп, сурап турса адилеттүү чечим чыгат. Эгерде элдин баары унутуп, маселени козгобой койсо булардын акыйкат чечим чыгарышы күмөн.

​Былтыр 30-майда чыккан “Көрүстөндөгү коррупция” телепрограммасында Бишкектин Түштүк-Батыш көрүстөнүндөгү коррупциялык схемалар ачык айтылып, кабыр сатуу бизнеске айланып кеткени баяндалган.

Бул көрсөтүү коомдун бүйүрүн кызытып, көзү тирүү кезинде Уланбек Эгизбаевге жана программада интервью берген Максат Баялиевге бош конверттер келген эле. Кийинчерээк аларды Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасовдун адвокаты жибергени дайын болгон.

Ошентип, Уланбектин иликтөөсү чыкканына сегиз айдан ашык убакыт өттү. Тиешелүү органдар анда ашкереленген мыйзам бузуулар, жооптуу адамдар тууралуу качан маалымат берери беймаалым.

"Азаттыктын" архиви: Көрүстөндөгү коррупция. 30-май, 2018-жыл

Парламент депутаты Абдывахап Нурбаев маркумдун иликтөөсү коомдо чоң резонанс жараткандыктан, укук коргоо органдары аны сотко жеткирүүгө аракеттенет деген ойдо:

- Муну оңой менен жаап кое алышпайт. Анткени, аны Кыргызстан боюнча бүт бардык эл көрдү. Баары карап турушат. Кылмыш иштерин иликтөөнүн убактылары бар. Тергөө ошого жараша иш кылса керек.

Ал тапта Ысык-Көл райондук сотунда Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнөн кийин козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү башталганы маалым болду.

Алгачкы жараян былтыр 3-декабрга коюлуп, бирок тараптар келбей калгандыктан 17-январга жылган. 28 жаштагы Уланбек Эгизбаев былтыр 22-июлда Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатында эс алып жүргөн кезде күтүүсүз каза болгон.

Соттук-медициналык экспертиза "анын өлүмүнө сууга чөгүү себеп болгон” деген бүтүмгө келген. Журналисттин өлүмүнөн кийин пансионаттын жооптуу адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренеси (шалаакылык) менен кылмыш иши козголгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG