Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:34

Депутат өкмөт башчыдан көр саткандарга чара көрүүнү талап кылды (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевден көр саткандарга тезинен чара көрүүнү талап кылды. Ал парламентте сүйлөп жатып, премьер-министр коомчулукта талкуу жараткан маселелерге убагында реакция кылбай жатканын сындады.

- Негизи сиз өкмөт башчы катары коомчулук талкуулап аткан маселеге тезирээк, өз убагында реакция кылып турсаңыз жакшы болмок. Көр саткандар боюнча “Азаттык” абдан жакшы иликтөө кылып, коомчулук кызуу талкуулап жатат. Чубак ажы баштаган диний аалымдар да көр сатуу туура эмес экенин какшап жатат. Өкмөт башчы катары көр саткандарды тез арада ордуна коесуз деп ойлойм, - деди Акаев.

Жакында “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсү Бишкектин түштүк-батыш көрүстөнүндөгү коррупциялык схемаларды иликтеген. Иликтөөнүн жүрүшүндө кабырлар көзү тирүү адамдарга да алдын ала сатылып кеткени белгилүү болгон. (UEz/TSh)

XS
SM
MD
LG