Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Көр сатуу: прокуратуранын кечиккен жообу


Бишкектеги көрүстөндөрдүн бири.
Бишкектеги көрүстөндөрдүн бири.

Башкы прокуратура маркум кесиптешибиз Уланбек Эгизбаевдин “Көрүстөндөгү коррупция” иликтөөсүндөгү фактылар боюнча кылмыш ишин 22-июнда козгогону эки айдан кийин гана маалым болду.

Буга чейин Башкы прокуратура кылмыш иши козголгону тууралуу маалыматты ачык айтпай келген. Бул жагдай “Азаттыктын” жетекчилиги журналист каза болгондон кийин гана расмий кат менен кайрылып, көзөмөл органынын реакциясын талап кылганда ачыкка чыгып жатат.

Журналист Уланбек Эгизбаевдин көр саткандар тууралуу иликтөөсү ушул жылдын 30-майында жарыяланып, ЭлТР коомдук телеканалынан көрсөтүлгөн.

Андан кийин Бишкектин Түштүк-батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасов жана ошол эле көрүстөндүн кызматкери Алихан Алиев Эгизбаевди сотко бергени кесиптешибиз каза тапкандан кийин гана белгилүү болгон.

Түштүк-батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасов.
Түштүк-батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасов.

​Бул окуядан көп өтпөй “Азаттыктын” жетекчилиги иликтөөдө баяндалып, көрсөтүлгөн коррупция фактыларына көңүл бурууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кат жолдогон.

Туура бир айдан кийин, 23-августта редакцияга кат жүзүндө келген көзөмөл органынын жообунда Башкы прокуратура аталган фактылар боюнча кылмыш ишин мындан эки ай мурда. 22-июнда эле козгогону белгилүү болду.

Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Наргиза Кубатова кылмыш иши Бишкек шаардык прокуратурасынын демилгеси менен козголгонун айтты:

- Иликтөө жарыялангандан кийин Башкы прокуратуранын маалымат кызматы Бишкек шаарынын прокуратурасына иликтөөдө айтылган фактыларды текшерүүнү өтүнүп кат жөнөткөн. Ошонун негизинде шаардын прокуратурасы текшерүүнү демилгелеп, 22-июнда кылмыш иши козголгон.

Анткен менен бул тууралуу бир да басылма жазып чыккан эмес. Маркум журналист өзү да андан кабарсыз болгон.

Коомчулукта кызуу талкууга алынган жана резонанс жараткан иликтөөдөгү фактылар боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат эмнеге эки ай өткөндөн кийин гана ачыкка чыкты? Башкы прокуратуранын бул ишине кандай баа берүүгө болот?

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

Мурдагы баш прокурор Байтемир Ибраев мындай көрүнүш ишти иликтеген прокурордун көңүлкош мамилесинен улам болушу мүмкүн деген пикирде:

- Балким бул ишти карап жаткан жооптуу кызматкерлерге анчейин резонанстуу эмес иш болуп көрүнүшү мүмкүн. Муну иликтеп, бүдөмүк фактыларга көңүл буруп, тергөөчүгө "эмне үчүн эки ай мурун иш козголгону тууралуу маалымат берген эмессиңер?" деген суроо узатуу керек. Алар өзүнүн иш кагаздары менен тааныштырып берет да. Ошондо гана жиптин учугу, бүдөмүк ой туудуруп жаткан суроолорго жооп чыга баштайт.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Куватованын айтымында, мыйзамга ылайык көзөмөл органы мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгына тийиштүү окуя болсо, өз демилгеси менен кылмыш ишин козгой алат. Бирок кадрлардын тартыштыгынан улам мекеменин адистери ЖМКларда жарык көргөн макалалардын баарын окуп, мониторинг кылууга жетишпейт.

Медиа эксперт, юрист Акмат Алагушев бул тууралуу мындай деди:

- Процессуалдык кодексте кылмыш ишин козгоого түрткү жана негиз керек деп жазылган. Ал эми түрткү деп дал ошол маалымат каражаттарында жарыяланган макалаларды айтса болот. Бирок азыр толтура нерселер жазылат да. Алардын баарын кантип текшерет? Бул укуктук норма, бирок аны толук аткарыш үчүн шарт жок.

"Азаттыкка" келген катта козголгон кылмыш иш Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгына ошол эле күнү өткөрүлүп берилгени жазылган. Аталган кызматтын маалымат кызматынын өкүлү учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирди.​

Маркум Уланбек Эгизбаев 22-июлда каза тапкан.
Маркум Уланбек Эгизбаев 22-июлда каза тапкан.

​“Көрүстөндөгү коррупция” аттуу иликтөөдө Бишкектин Түштүк-батыш көрүстөнүндөгү коррупциялык схемалар ачык айтылып, көр сатуу бизнеске айланып кеткени баяндалган.

Иликтөө эфирге чыккандан кийин, көзү тирүү кезинде Уланбек Эгизбаевге көрсөтүүдө интервью берген Бишкектеги ритуалдык кызматтын мурдагы жумушчусу Максат Баялиевге бош конверттер келген.

Кийинчерээк бул конверттерди Эгизбаев менен Баялиевди “Көрүстөндөгү коррупция” иликтөөсү үчүн сотко берген Түштүк-батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасовдун адвокаты жибергени дайын болгон.

Курч иликтөөлөрү менен белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде каза тапкан. Соттук-медициналык экспертиза "журналисттин өлүмүнө сууга чөккөнү себеп болгон" деген бүтүмгө келген.

"Азаттыктын" архиви: Көрүстөндөгү коррупция. 30-май, 2018-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG