Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:56

Эгизбаевдин өлүмү боюнча пансионаттын администрациясына иш козголду


Уланбек Эгизбаевдин мүрзөсү. Нарын, Кочкор району.
Уланбек Эгизбаевдин мүрзөсү. Нарын, Кочкор району.

Журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу Ысык-Көлдөгү “Акун” пансионатынын администрациясына жана куткаруучуларга кылмыш иши козголду.

"Окуяга криминалдык кийлигишүү болгон" деген версияны тергөө четке кагууда.

"Азаттыктын" иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев каза болгон "Акун" пансионатынын администрациясына жана куткаруучуларга 17-августта кылмыш иши козголду. Ишти Ысык-Көл райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренеси (“Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу же сатуу, иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү”) менен иликтейт. Териштирүү эки айга уланат.

Милиция журналист сууга чөгүп кеткенин, аны атайылап өлтүрүү аракети аныкталбаганын билдирди. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Утемисов буларды айтты:

Нурлан Утемисов.
Нурлан Утемисов.

- Жалпылап айтканда, бүгүнкү күнгө чейин тергөөдө бул окуяга криминалдык кийлигишүү болгону далилдене элек. Тергөө жалаң соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна эле таянып тим болгон жок. Ыкчам иликтөө тобунун бир ай бою жүргүзгөн текшерүү иштеринде да ал версия тастыкталбай калды.

Экспертиза буга чейин көп суроолорду жараткан Эгизбаевдин бутундагы шектүү тактар маркум каза болгондон кийин пайда болгонун белгилеген. ИИМ өкүлү мындай тактар Уланбектин далысында да бар экенин айтып, "сөөктү Бишкекке алып келе жатканда пайда болушу мүмкүн" деген божомолун билдирди. Буга байланыштуу тергөө анын өлүмүндө кылмыштын белгилери болгону тууралуу версияны четке какты.

ИИМ: Экспертизанын бүтүмү боюнча Эгизбаев сууга чөккөн
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:30 0:00

Мындан тышкары, Утемисов Уланбек Эгизбаевди коркутуп-үркүткөндөр жөнүндө маалыматтарды текшерүү уланып жатканын кошумчалады. Азырынча күч органдарында бул боюнча конкреттүү аныкталган факт жок.

Бир күн мурда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев "Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча факт менен кылмыш иши козголушу керек" деп министрликтин өкүлдөрүнө кайрылган. Бирок ал кылмыш иши башка өңүттө ачылганын белгилеп, маркумдун денесиндеги тактар тууралуу корутунду да элди бүдөмүк ойлорго түртүп жатканын айтты:

Жанар Акаев Уланбек Эгизбаев менен коштошуу зыйнатында.
Жанар Акаев Уланбек Эгизбаев менен коштошуу зыйнатында.

- Мен "факт боюнча иш козгогула" деп кайрылгам. Тагыраак айтканда, "Уланбектин өлүмүнүн себептери иликтенсе" деп сунуш кылгам. Азыр коомчулук да бул жөн эле кырсык экенине ишенбей турганда созуп жатышпайбы. Денесиндеги тактар боюнча да талкууга жем таштап коюшту, "тирүү кезинде жок болчу, өлгөндө пайда болду" деп. Ошондуктан мен муну экспертиза кеңири иликтеши керек деп эсептейм. Кандай учурда ушундай так пайда болору түшүндүрүлүшү керек.

Буга чейин Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу ишти прокуратура өз көзөмөлүнө алган. Журналисттин көзү тирүүсүндө аны коркутуп-үркүткөндөр болгону жөнүндө тиешелүү материалдар милицияга, Экотехинспекцияга юридикалык баа бериш үчүн жөнөтүлгөн.

“Азаттык” радиосу Эгизбаевдин каза болушунун жагдайын өз тарабынан иликтеп жатат жана коомчулукка бул туурасында маалымат берет. Эл арасында журналисттин өлүмүнө кырсык себепкер болгонуна ишенбегендер да бар.

Курч иликтөөлөр менен таанылган журналист, 28 жаштагы Уланбек Эгизбаев бир ай мурун, 22-июлда Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатынын аймагында сууга түшүп жүргөндө каза болгон.

Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн журналисттин өлүмүнө байланыштуу курган маалымат жыйыны. 17-август, 2018-жыл.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG