Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Көр сатуу: иликтөөнүн каарманы айыпка жыгылды


Уланбек Эгизбаевге келген актай кат. (Архивдеги сүрөт)
Уланбек Эгизбаевге келген актай кат. (Архивдеги сүрөт)

Бишкектин Ленин райондук соту Уланбек Эгизбаевдин “Көрүстөндөгү коррупция” иликтөөсүнүн каарманы Максат Баялиевди даттануучуларга 20 миң сом доо төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарды.

Cот чечимине ылайык, Уланбек Эгизбаевдин “Көрүстөндөгү коррупция” иликтөөсүндө кабырлардын сатылып жатканы тууралуу интервью берген Максат Баялиев Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасовго жана бригадир Алихан Алиевге 10 миң сомдон төлөп бериши керек.

Баялиевдин айтымында, сот "журналистке айткандарын далилдеп бере алган жок" деген жүйө менен ушундай чечим чыгарган.

Айыпкер иликтөөдө анын айткандары айдан ачык көрүнүп турганын белгилеп, соттун чечимин акыйкатсыз болду деп эсептейт.

Максат Баялиев.
Максат Баялиев.

- Акыйкаттык болбой жатат. Биз болгон нерсени ачыкка чыгарып, айтып бергенбиз. Колуңардан эмне келет деп 10 миң сомдон айыпка жыгып коюшту. Сот далилдеп бергиле деди. Акча алып жаткан жерин эч ким видеого тартып ала албайт. Азыр деле кабырлар сатылып жатканын элдин баары эле билет, - деди Максат Баялиев.


Тараптар апелляциялык арыз береби же жокпу азырынча белгисиз.

“Азаттыктын” журналисти Уланбек Эгизбаев көзү тирүүсүндө даярдаган иликтөөдө "кабырлар кызылдай акчага сатылганы" маалымдалган Апасов менен Алиев "кадыр-баркыбызга доо кетти" деп сотко даттанган.

Алар программада интервью берген көрүстөндүн мурдагы жетекчиси Самат Сулаймановго жана мүрзө казгыч Максат Баялиевге жалпысынан 1 млн. сомдук доо коюшкан. Самат Сулаймановго коюлган доо боюнча иш өзүнчө каралууда жана чечим чыга элек.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев сот чечими бийликтин "коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүрүп жатат" деген урааны иш менен айкалышпай жатканынан кабар берет деген ойдо.

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

- Бул коррупция, мыйзамсыздык менен күрөш эч кимге таасир этпей жатат деген белги. Ал жогорку жакта сөз болот, аны эч ким аткарбайт, укпайт, тоготпойт. Азыр “көр сатылбайт” десең, эч ким ишенбейт. Мүрзө кызылдай акчага сатылып жатканын журналисттер айтууда. Ошону ачык айтып чыккан адамга айып пул салгандан кийин көпчүлүктүн коррупция менен күрөшүүгө ниети жоголот. Коррупция жөнүндө айткандарга сыйлык беребиз дешет. Анан айткан адамдарды айыпка жыгышат.

Доогерлер буга чейин “Азаттык” радиосунан да моралдык чыгым өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Бирок, соңку соттук процессте алар бул доосунан баш тартканын “Медиа полиси” институтунун юристи Акмат Алагушев билдирди.

Ошол эле кезде Эгизбаевдин "Көрүстөндөгү коррупция" иликтөөсүндө ачыкка чыккан жагдайлар тууралуу козголгон эки кылмыш ишин иликтеп жаткан Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) иликтөө-тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат бербей келет. Каржы полициясына бир нече жолу кайрылганыбызга карабай, кылмыш ишинде кимдер суралып, тергөө кандай жүрүп жатканы жөнүндө эч кандай маалымат берилген жок.

Иликтөө жанры менен иштеген журналист Азият Жекшеев Кыргызстанда массалык маалымат каражаттары ачкан кыңыр иштерге укук коргоо органдары көпчүлүк учурда ыкчам аракет кылбайт деген ойдо.

Жекшеевдин тажрыйбасында резонанс жараткан окуяларда күч органдарында “тергөө жүрүп жатат” деп айтылганы менен ишти узарып кетет жана бат эле унутулуп калат.

Азият Жекшеев.
Азият Жекшеев.

- Мындай окуялар боюнча кат аркылуу кайрылган учурда 15 күндө жооп бериши керек. Кээде бир ай эмес, бир жыл өтүп кетет. Ар кайсы шылтоону айтып, убакытты созуу аракетин көргөндөй. Бир гана Каржы полициясы эмес, Ички иштер министрлиги жана башка органдар деле ошондой. Чанда эле коомчулук ызы-чуу салганда гана реакция кылат.

Уланбек Эгизбаевдин коомдо резонанс жараткан бул берүүсү быйыл 30-майда чыккан. Анын негизинде “биринчи кылмыш иши быйыл 22-июнда, журналист тирүү кезде эле козголгон” деген маалыматты башкы көзөмөл органы 20-сентябрда жарыялаган.​

“Көрүстөндөгү коррупция” телепрограммасында Бишкектин Түштүк-Батыш көрүстөнүндөгү коррупциялык схемалары ачык айтылып, кабырларды сатуу бизнеске айланып кеткени баяндалган.

Уланбек Эгизбаевдин "Көрүстөндөгү коррупция" берүүсү​

28 жаштагы Уланбек Эгизбаев былтыр 22-июлда Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатында эс алып жүргөн кезде сууга чөгүп, күтүүсүз каза болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG