Ал эми журналист көзү тирүүсүндө жасаган «Көрүстөндөгү коррупция» иликтөөсү боюнча козголгон дагы бир иш тергелип бүтүп, сотко өтүү алдында турат. Буга чейин ушул эле иликтөөнүн каарманы айыпка жыгылган болчу. Коомчулукта «маркум көрсөтүп, иликтеп кеткен мындан башка да коррупциялык иштер аягына чыкпай жатат» деген нааразы пикирлер бар.
Уланбек Эгизбаевдин каза болгон күнү маркумдун кичи мекени - Кочкордо эскерилди. Ага экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары, саясатчылар жана кесиптештери барышты.
Уланбек Эгизбаев былтыр 22-июлда Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатында эс алып жүргөн кезде сууга чөгүп, күтүүсүз каза болгон. Анын өлүмүнө байланыштуу пансионаттын администрациясына кылмыш иши козголуп, эс алуу жайынын эки өкүлүнө Жазык кодексинин 258-беренеси («Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу же сатуу, иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү») менен айып тагылган. Иш 2018-жылдын ноябрь айында сотко өткөн. Андан бери бери соттук териштирүү тууралуу кенен маалыматтар айтыла элек.
Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы Гүлзада Ашырбаева кийинки соттук жараян 7-августка белгиленгенин айтып, аны мындайча түшүндүрдү.
«Иш соттун демилгеси менен жылдырылган жок. Ага прокурорлордун өтүнүчү негиз болууда. Мамлекеттик айыптоочу сотко «Уланбек Эгизбаевдин аялы келип көрсөтмө берүүсүн» сурап жатат».
Ишти тергеген Ички иштер министрлиги (ИИМ) «Уланбек Эгизбаев сууга чөгүп каза болгон жана ал эс алган пансионатта коопсуздук эрежелери сакталган эмес» деген тыянакка келген. «Акундун» айып коюлган жооптуу кызматкерлеринин аты-жөнү ачык айтыла элек.
Эми Уланбек Эгизбаев көзү тирүүсүндө иликтеген коррупциялык иштерге карата күч түзүмдөрүнүн аракеттерине кайрылсак.
Коомчулукта резонанс жараткан «Көрүстөндөгү коррупция» иликтөөсү боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кылмыш иштерин козгогон.
Май айында Финансы полициясы иликтөөдөгү көр сатуу фактылары аныкталганын жарыялап, ишти сотко жөнөткөн. Анда Бишкек шаардык аза кызматын көрсөтүү агенттигинин мурдагы жетекчисине, бригадирге, мурда иштеп кеткен жана учурда иштеп жаткан жумушчуларга - жалпысынан төрт адамга айып коюлган. Мекеме бул ишти баш-аягы бир жыл иликтеди.
Финансы полициясынын басма сөз катчысы Анастасия Пискур «Азаттыкка» аталган журналисттик иликтөө боюнча дагы бир кылмыш иши иликтенип бүтүп калганын кабарлады.
«Журналисттик иликтөө боюнча көрүстөндүн мурдагы жетекчисине байланыштуу сотко чейинки өндүрүшкө алынган дагы бир иш иликтенип бүтүп калды. Финансы полициясы ишти бир айдын ичинде сотко өткөрөт».
Уланбек Эгизбаевдин бул берүүсү былтыр 30-майда чыккан. «Көрүстөндөгү коррупция» телепрограммасында Бишкектин Түштүк-Батыш көрүстөнүндөгү коррупциялык схемалары ачык айтылып, кабырларды сатуу бизнеске айланып кеткени баяндалган.
Кийин аталган иликтөөдө бул фактыларды айтып берген Максат Баялиевге каршы Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасов жана бригадир Алихан Алиев «моралдык зыян тарттык» деп сотко арызданган. Ленин райондук соту февраль айында Баялиевди арыздануучуларга 10 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген. Юрист Акмат Алагушев иликтөөдө сөз болгон жетекчилердин арызы тууралуу буларды билдирди.
«Сот «иликтөөдө аты аталган адамдар боюнча маалыматтар чындыкка дал келбейт» деп тапкан. Керек болсо аларга айып коюлуп, үстүнөн иш да козголбоптур. Ошондуктан биз сотто иликтөөдө айтылгандарды далилдей албай калдык».
Коомчулукта «Уланбек Эгизбаев көрсөтүп, иликтеп кеткен мындан башка да коррупциялык иштер аягына чыкпай жатат» дегендер бар. Саясатчы Равшан Жээнбеков Уланбек Эгизбаев көтөргөн темалар менен анын иликтөөлөрүндө айтылган коррупциялык иштердин бети ачылбайт деп эсептейт.
«Президенттик же биздин жумшак авторитардык система коррупциялык иштерди аягына чыгарууга жол бербейт. Ал жерде кичинекей топтун, бийликтин кызыкчылыгы үстөмдүк кылып турат. Эгерде массалык маалымат каражаттары, күчтүү жарандык коом, күчтүү оппозиция болбосо бийликте иштерди созуп, алаксытып маанилүү иштерди аягына чыгарбай койгонго мүмкүнчүлүгү чоң. Ошондуктан Улан жасаган иштер аягына чыгаарына ишенбейм, көзүм да жетпейт».
Уланбек Эгизбаев көзү тирүүсүндө «ЖЭБ: 386 млн. доллар кайда короду?», «Бажыдагы уурулук», «Темир жолдогу жемкорлук», «Музейге сарпталган миллиондор», «Мансаптуулардын жер бизнеси», «Саясатташкан мумия» жана башка ондогон иликтөөлөрдү даярдаган.
Ал жасаган иликтөөлөрдүн ичинен учурда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш иши сотто каралып жатат.
Бул иште мурдагы эки премьер-министр баш болгон жалпы сегиз киши айыпталууда. Жылуулук борборду оңдоп-түзөөдө бюджетке 111 млн. доллар зыян келгени айтылган. Башкы прокуратура ал эми музейди реконструкциялоодо мамлекеттик бюджет 101,6 млн. сом зыян тартканын билдирип, алты адамга айып койгон. Бул ишти учурда сотто.
Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев Уланбек Эгизбаев иликтөөлөрүндө айтылган фактыларды убагында бийлик да моюнга алганын айтууда.
«Уландын бардык иликтөөлөрүн коомчулук да, бийлик да моюнга алып, ага каршы эч нерсе айта алышкан эмес. Иликтөөлөр боюнча бирөө да сотко берген эмес. Ал ушундай иликтөөлөрү менен коомчулукту ойготуп койду. Улан иликтөөлөрү менен кээ бир адамдардын чыныгы жүзүн көргөзүп койду. Алар бийлик менен сүйлөшүп алган учурда да коррупциялык иштерди жасаганын, мыйзамсыз иштерди кылышканын эл билет».
Уланбек Эгизбаев 28 жашында көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.
Бир жылда Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду түзүлдү. Фонд Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкере кылган демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт. Уюм иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө сыйлыгын негиздеген. Ал жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылат.
Уланбек Эгизбаевге арналган «Чындык деп жанган өмүр» аттуу китеп кыргыз жана орус тилдеринде «Азаттык Медиа» мекемесинин демилгеси жана «Сорос – Кыргызстан» фондунун каржылык колдоосу менен жарык көрдү.