Линктер

шаршемби, 21-август, 2019 Бишкек убактысы 19:28

Жүрөктөрдө жашап калган ак жарык


Уланбек Эгизбаев

Кыргыз журналистикасы нукура кесипкөй нукка түшсө, анын коомду тазартуучу, элди ойготуучу даремети канчалык толук ачыларын эң сонун далилдеген кесиптешибиз Уланбек Эгизбаев былтыр 22-июлда күтүүсүздөн каза болгон эле…

Селт эттирген трагедия

Абдан шашып алганбыз, кайра атты камчылап, аман-эсен сактоонун айла-амалы барчылап…

Арийне, кагылып калды коңгуроо…

Чыңгыз Айтматов (орустун улуу акыны Александр Пушкиндин дүйнөдөн өткөндүгүнө 150 жыл толгон мааракеде сүйлөгөн сөзүнөн).

Суук кабардын жүрөктү үшүткөн шоораты тоо аралай тарап, шаардын аптаптуу көчөлөрүнө, кабат-кабат тамдарына жеткенде, чак түштө жаркырап тийип турган күн тутулчудай, капкараңгы түн кирчүдөй туюлуп, ушул ирет жаңылыш болгой эле бул кабар, көлгө чөккөнү чын болсо да аман калса экен, тирүү калса экен деп миңдеген кыргызстандык кудайлап, саат сайын, мүнөт сайын Ысык-Көл тарапка кулак түрүп, жакшылыктан үмүт үзгүсү келбей турганы күнү бүгүнкүдөй эсибизде…

Чыңгыз Айтматовдун эпиграфта келтирилген сөзүндө дуэлде ок жаңылып, кансыраган Пушкинди үйүнө алып жөнөгөн чакка азыркы учурдан кайрылып барып, ажалдан арачалап калууга умтулабыз деген таңкалычтуу ой бар. Бул идея алгач жазуучунун ошондогу сөзүнөн жарым жылдай мурун жарык көргөн «Кыямат» романында берилген – анда баш каарман Авдий Каллистратов эки миң жылдай мурун Гефсимания багында өлүмү жакындап калганын сезип-туйган Иса пайгамбарды куткарып калууга шашат. Мындай трагедияларды эстеген сайын адамдын карөзгөйлүккө, бетпактыкка ар дайым каршы туруу ниети жаңырып турат. Адамдын тагдыры, өмүрүн туулгандан өлгөнгө чейинки жылдар, айлар, күндөр менен эле өлчөөгө болбос ченеми, улуттун, адамзаттын тарыхындагы рухий көчтүн деми менен байланышы жөнүндө айтылган мааниси өтө терең Сөз ушул. Айтматовдун учурдагы жагдай ар качандан бир качан кайталанып келгенин, өткөндөн сабак алуу зарылдыгын эске салган тарыхый синхронизм дегени ушул.

Биз Уланды ажалдан арачалап кала албадык. Бирок Улан Эгизбаевдин рухий өмүрү улантылат – бул үчүн анын элди ойлогон бийик мүдөөлөрүн унутпай, ар дайым чындыкты жактаган, адилеттик үчүн күрөшкөн өрнөгүн колдон келишинче жайылтышыбыз керек. Уландын ысымын тартынбай айталы десек, жалтактыгыбызды, коркоктугубузду, ээрчимелигибизди, кайдыгерлигибизди жеңүүгө умтулушубуз керек.

Акыйкат сөздү айтууга келгенде өлүмдөн да жалтанбаган эр эле Уланбек…

Уланбектин миң жашы

Мен миң жыл жашадым.

Түгөлбай Сыдыкбеков, кыргыз романистикасынын атасы

Христиандардын жүрөгүнөн түбөлүк орун алган, пайгамбарлыгын мусулмандар да тааныган назаретталык Иса болгону 33 жыл жашаптыр.

Дүйнөлүк адабияттын алтын фондуна кошулган ажайып чыгармаларды жазып калтырышкан эң жаркын таланттар 30 жаштын тегерегинде эле өтүп кете беришкен экен. Мисалы, романтизмдин эң жаркын өкүлү, 18-кылымдагы немис жазуучусу жана философу Новалис (1772 – 1801), орустун чагылгандай акыны Михаил Лермонтов (1814 – 1841), англиялык романтик акын Жон Китс, немис романтиги Вильгельм Гауф (1802 – 1827), Германиянын эң абройлуу адабий сыйлыгына ысымы берилген драматург Георг Бюхнер (1813 – 1837) сыяктуу алптарды адамзат миңдеген жылдар бою аздектей береринде шек жок. Бул катарда эң эле узак жашаганы Александр Пушкин болуптур – 1799-жылы туулуп, 1937-жылы падыша сарайындагы бузукулар уюштурган дуэлде окко учуптур…

Ал эми кыргыздын чыгаан киночу кызы Динара Асанова 42 жыл гана өмүр сүрүптүр. Анын: «Калп айтканга убактым жок», - деген мааниси өтө терең сөзү бар…

26 жашында Кыргыз АССР Эл комиссарлар кеңешин жетектеп, 37 жашында залим бийликтин курманы болгон Жусуп Абдрахманов да ушул катарда…

Ушул жерде орустун дагы бир таанымал акыны Андрей Вознесенскийдин горизонтал (биологиялык) жана вертикал (рухий) курак жөнүндөгү метафорасын эстей кетели. Буларды айтылуу философ-эстет Михаил Бахтин Кичи жана Чоң мезгил деп айырмалаган.

Адамзат тарыхында аз жашап, көптү бүтүргөн, көз кайкытар бийиктикке жетишкен улуу инсандардын ысымы дайым улуу көчтү адаштырбас жаркын жылдыздардай жанып турат.

Биздин Уландын өмүрүн да ушул эки башка өлчөмдөн кароого болот. Анын кичи мезгил алкагындагы өмүрү былтыр үзүлдү. Ырас, Уланды кайра тирилтип ала албайбыз. Бирок улуттун келечеги үчүн иштеген, күрөшкөн Уланбектин рухий алкактагы өмүрү эми гана башталды: анын эң изги мүдөөлөрүн замандаштары, айрыкча жаштар жүзөгө ашыра алат деп ишенем. Уланбек Эгизбаевдин өмүрү мындан ары кайдыгерлик чидерине тушалбаган адамдардын дилинде, акыл-эсинде, ишинде, күрөшүндө уланат…

Балким, улутту улут кылып, улуу көчтү өксүтпөй улантуу үчүн рухий дареметти сактап, күчөтүүнүн бир аргасы ушулдур?..

Көз ирмемдин өмүрдөгү мааниси

Калп айтканга убактым жок.

Динара Асанова, кыргыздын таланттуу кинорежиссёру.

Эки жыл мурда Баткен облусуна барып, мектептерди бир жумадай кыдырып келгенимде, балдарга жөн гана билим (маалымат маанисиндеги) эмес, бул жашоодо эң башкы нерсени – турмуштук багытын өз алдынча аныктоого, өз тагдыры үчүн жоопкерчиликтүү болууга тарбиялап жаткан элеттик мугалимдер бар экенин көрүп, ушунчалык ыраазы болгонум эсимден кетпейт. Көкүрөгүм тазарып, кеңейип, жүрөгүмдү кыспай калган эле.

Ошондо Лейлектеги нукура устат агай Гапыр Мадаминов негиздеп, жетектеп келаткан №3 эксперименталдык гимназиянын 10-класста окуган балдары мугалимдин катышуусуз, толугу менен өз алдынча өткөргөн акыл эмгегинин маданияты боюнча «Убакытты туура пайдалануу» деген темадагы талкуу сабактан өтө чоң таасир алдым. Көптү билүүгө, терең түшүнүүгө дилгир, биринин айтканын экинчиси толуктап же тактап, кээде такыр жокко чыгарчудай күтүүсүз тезистерди келтире талашып-тартышкан окуучулардын ошондогу сабагын видеого тартып алса, сонун болмок…

Ошондо «тайм-менеджмент» (убакытты туура тескөө-пландоо), жылдар, айлар, апталар, күндөр, саат-мүнөттөр эмне үчүн текке кетиши мүмкүндүгү жөнүндө абдан кызык ойлор, илимден, турмуштан алынган фактылар менен бекемделген жүйөлөр көп болду. Мисалы, көбүрүп-жабырган сериалдарга, көркөмдүк жагынан да, мазмундук-идеялык жактан да окуганга эч арзыбаган, турмуштук пайдасы такыр жок тексттерге, социалдык желедеги калжың кеп-сөзгө, ушак-айыңга, күнүмдүк турмуштагы беймаани чыр-чатакка баа жеткис өмүрүбүздү уурдатпайлы деген сонун чакырык жаңырды.

Эч керексиз, эс алдырбай эле эсти оодарган, адамдын акыл-эсин, ички туюмун мокоткон аш-тойлорго – жанаша отургандар менен баарлашканга мүмкүндүк бербей, кайталанма тосттордон башканы угузбаган, ченемден ашыкча катуу коюлгандыктан кишинин ден соолугуна да зыяндуу дүңгүрөк музыкага, ысырапчыл дасторконго коноктордун да, той ээсинин да акчасын, убактысын, өмүрүн коротуп жүргөн адат жөнүндө жаштар катуу айтышты.

Темага тиешеси бар түркүн адабияттардан окуган, телеберүүлөрдөн уккан, Интернеттен алган кызыктуу, кайдыгер эмес адамды сөзсүз ойлонткудай маалыматтар 45 мүнөттүк сабакта жаап жатты, ортого топтолуп жатты, таяныч конспект түрүндө дептерлерге жазылып да жатты. Атаандаш тайпалардын бири жакынкы 5-10 жылга, дагы бири жарым жылга, үчүнчүсү бир күнгө убакытты тескөө планын иштеп чыгып, анан жалпы класстын көз алдында убакыт бирдиктерин эмне үчүн башкача эмес, дал өздөрү сунуштагандай пландаса жакшы болорун түркүн жүйөлөр менен далилдешке далалат жасашты. Берки тайпадагылар теңтуштарынын мыкты ойлорун эле эмес, кемчиликтерин да көрсөтүшкө шашып жатты.

Көпчүлүк ойлор, жүйөлөр, кайчы пикирлер улуу ойчулдардын, атактуу жазуучулардын ж.б. ташка тамга баскандай учкул сөздөрү, илимий-таанымал адабияттардан, басма сөздөн алынган келкилер менен бекемделип турду. «А бирок…» - деп башталган сөздөрдүн көбү толук эмес, цитатанын башталышы же башкача кыйытма түрдө ыкчам айтылып, дароо түшүнүлүп, түркүн көз караштардын кагылышуусу кээде шайыр күлкү менен коштолуп турду. Ыкчам, курч талкуунун жүрүшүндө кайсы бир ойду укпай же туура түшүнбөй калган балдарды теңтуштары: «Уктаба! Түшүркөбө!» - деп тамашалап, уяткарып турушат экен.

Ошол 45 мүнөттүк сабакта эрудициясы менен таң калтырган профессордун лекциясына да сыйбагыдай өтө көп, кызыктуу маалыматтар, фактылар айтылды, талкууланды, сынчыл талдоого алынды. Бир келген өмүрдү өнүмдүү, татыктуу жашап өтүү, жашоодо жаркын из калтыруу жөнүндө тыянак сөздөрдүн ичинен ушул ажайып фразаны алып баруучу кыз тактага өзүнчө бөлүп, бадырайта жазып койду: «Көз ирмемдин өмүрдөгү мааниси»…

Уланбек Эгизбаевди эскерген макалага Кыргызстандын эң четки облусунун эң четки районундагы эң алыскы Жаштык айылында ачылган гимназиянын окуучулары өткөргөн бул сабакты эмне үчүн кыстарганымды сергек окурман туура түшүнөт деп үмүттөнөм. Анткени кеп баарын айтууда эмес – «баарын айтуу» мүмкүн да эмес – кеп биз билген нерселердин чыныгы баасы-баркы канчалык экендигинде, ошол бычылган бааны кез-кезде кайра карап, эң маанилүү деп эсептеген нерсебиздин экинчи, үчүнчү катардагы баалуулуктарга көмүлүп, тебеленип калбаганын текшерип туруу үчүн талкууга, ой жүгүртүүгө түрткү берүүдө. Ушул ыңгайдан алганда, Уландын чагылгандай жаркып өткөн өмүрү жаңы муундун деми менен улантылат, анын өрнөк таасири жүздөгөн жылдар бою сакталат деп ишенем.

***

Балким, өмүр жолу ушундай улуу өрнөк болуп каларын, улам кайра айтылып, жомоктолуп каларын Улан дегеле ойлобогондур. Атак-даңкты эмес, ата-журтка ак кызмат кылууну көксөп, жан аябай, жалтанбай күрөшкөндүгү – кашкайган чындык.

Албетте, бир жыл эмес, жүз жыл, балким, миң жыл кийин да, Улан Эгизбаевдей баатырдын өмүрү ар дайым күнү бүгүнкүдөй, дал ушул чакта болуп жаткандай мааниси, таасири сакталат, рухий жарыгы Чолпон жылдыздай балбылдап жана берет деп ойлойм.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

Пикирлерди көрүңүз (8)

XS
SM
MD
LG