Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

Дональд Лу: Журналистика Вашингтондо да, Бишкекте да кооптуу кесип


АКШнын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу.
АКШнын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу.

Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин элесине арналып 12-февралда Бишкекте өткөрүлгөн "Чындык" форумуна Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу да видео байланыш аркылуу катышып, кайрылуу жасады.

Ал өз кайрылуусунда "Associated Press" агенттигинин АКШдагы башаламандык учурунда демонстранттардын соккусуна кабылган сүрөтчүсүн мисал келтирип, журналистика Вашингтондо да кооптуу кесип бойдон калганын айтты:

"Журналистика - Вашингтондо да, Бишкекте да кооптуу (кесип) бойдон калууда. Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичиндеги эң демократиялуу өлкө. Бул статуска ал саясатчыларынын менен эмес, журналисттердин, сөз эркиндигинин аркасы менен жетти. Демократиянын өнүгүшү үчүн журналисттердин ролу чоң, мен силерге ишенем".

Эгизбаевди эскерүүгө арналган "Чындык" форумун Иликтөөчү журналисттер фонду уюштурду.

Форумга "Интерньюс" уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин директору Элина Каракулова жана иликтөөчү журналисттер, маалымат агенттиктеринин өкүлдөрү катышууда.

Уланбек Эгизбаев көзү тирүү болгондо быйыл 12-февралда 31 жашка чыкмак.

«Азаттык» радиосунун таланттуу иликтөөчү кабарчысы Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда 28 жашында дүйнөдөн мезгилсиз кайткан. (BCh)

XS
SM
MD
LG