Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Муфтийдин орун басары Кадыр Маликов кызматын убактылуу токтотту


Кадыр Маликов.

Муфтийдин орун басары Кадыр Маликов кызматынан убактылуу четтей туруу жөнүндө арыз жазганына бир жумадай болду. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда "Азаттыкка" муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев кабарлады.

Атабаевдин айтымында, Маликов мындай чечимин үй-бүлөлүк себепке байланыштырган:

"Кадыр Маликов кызматынан убактылуу кете туруу чечими боюнча арыз бергенине бир жумадай болуп калды. Ал муну үй-бүлөлүк себептерден улам деп негиздеген".

Маликовдун өзүнөн бул тууралуу азырынча маалымат алуу мүмкүн болбой жатат.

11-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, муфтийликтен өз каалоосу менен баш тарткан Максатбек Токтомушевдин арызын карап, канааттандырган.

Ошол эле күнү Мусулмандардын дин башкармалыгынын уставына ылайык муфтийдин милдетин аткаруучу болуп анын орун басары Жоробай Шергазиев дайындалган.

Муфтийди шайлоо боюнча курултай 5-апрелге белгиленип жатат.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жетекчилик кызматка талапкерлердин арызы 17-февралдан тартып 17-мартка чейин кабыл алынарын “Азаттык” радиосуна Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиев билдирген.

Атайын кызмат муфтиятта каржылык мыйзам бузуу болгонун айтып, сотко чейинки териштирүү жургүзүп жатат. Алгач башкармалыктын башкы эсепчиси кармалып, ал эки айга камакта калтырылды. Ушул эле ишке байланыштуу кармалган мурдагы муфтий Токтомушевди сот өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотту.

Өткөн жумада Токтомушев «Азаттыкка» курган маегинде ажылыктын акчасы боюнча айтылып жаткан айыптоолор жалаа экенин билдирген.

11-февралда анын тарапкерлери УКМКнын жана Өкмөт үйүнүн алдында акция өткөрүп, ишти калыс иликтөөнү жана Токтомушевди камактан бошотууну талап кылышкан. (BCh)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG