Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Майыптык темасын чагылдыруу боюнча онлайн курс иштелип чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) майыптыгы бар адамдардын укуктарына байланыштуу конвенциясына ылайык аларга карата терс стереотиптерди калыптандырбоо, кемсинтпөө жана жалпыга маалымдоо каражаттарында туура чагылдыруу максатында онлайн окуу модулу иштелип чыкты.

Модуль БУУнун өнүктүрүү долбоорунун колдоосу менен 2020-жылдын декабрында даярдалып бүткөн. Бул тууралуу "Азаттыкка" БУУнун өнүктүрүү долбоорунун координатору Айнура Алымбекова маалымдады:

"Акыркы убакта "майыптар" деген сөз коомдо сынга алынып, анын ордуна "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар" термини колдонула баштаган. Социалдык кызматкерлер муну, биринчиден, анын адам экендигин баса белгилеп, андан кийин гана ден соолугунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө сөз кылуу керек экендигин далилдешкен. Бирок бул термин да сынга алына баштады. Эгерде адамдын башы катуу ооруса же буту сынып калса, анда ал дагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамга айланат. Бирок ал мыйзам боюнча ыйгарылган майыптык статусуна ээ эмес. Буга байланыштуу бул жаатта иштеген активисттер, мамлекеттик орган берген социалдык-укуктук статуска ээ адамдарды “майыптыгы бар адамдар” деп атоо сунушталат. Мындан тышкары майыптыгы бар адамдар тууралуу абдан көп терс стереотиптик пикирлер калыптанып калган".

Майыптык темасын чагылдыруу боюнча онлайн курс журналисттер, журналистика факультетинин студенттери, блогерлер жана башка кызыкдар тараптар үчүн иштелип чыккан.

Модуль БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын принциптеринин негизинде түзүлгөн.

Курсту түзүүдө 2018-жылы жүргүзүлгөн “Майыптыгы бар адамдарга карата терс стереотиптерди изилдөө” ишинин натыйжалары дагы колдонулду.

Майыптык темасын чагылдыруу боюнча окуу модулу беш сабактан турат жана болжол менен 3-4 саатка эсептелген. Ар бир бөлүмдүн аягында алдын ала тестирлөө сунушталат.

Бардык беш сабакты бүткөндөн кийин акыркы тестти тапшыруу талап кылынат. Тесттин жыйынтыгында “Майыптык темасын чагылдыруу боюнча онлайн курсун” ийгиликтүү аяктагандыгы жөнүндө сертификат берилет.

Тренингди бул шилтеме аркылуу өтсө болот:

https://journalist.kg/kg/courses/majyptyk-temasyn-chagyldyruu-boyuncha-okuu-modulu/

Окуу модулу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин демилгеси боюнча БУУӨПтүн жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосу менен иштелип чыкты. (BCh)

XS
SM
MD
LG