Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:53

Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган "Чындык" форуму өтүүдө


Уланбек Эгизбаевди эскерүү үчүн уюштурулган "Чындык" форуму.
Уланбек Эгизбаевди эскерүү үчүн уюштурулган "Чындык" форуму.

Бишкекте иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чараларынын алкагында бүгүн, 12-февралда Иликтөөчү журналисттер фонду уюштурган "Чындык" аттуу форум өтүүдө.

Форумга АКШнын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу, "Интерньюс" уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин директору Элина Каракулова жана иликтөөчү журналисттер, маалымат агенттиктеринин өкүлдөрү катышууда.

11-февралда Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында Уланбек Эгизбаевге арналган «Уландын иши уланат» аттуу эскерүү иш-чарасы болуп өткөн. Аны "Уланбек Эгизбаев атындагы жаштар бирикмеси” уюштурган.

Эскерүү кечесине Эгизбаевдин апасы, жубайы, жакындары, кесиптештери, экс-президент Роза Отунбаева, чыгармачыл адамдар жана активист жаштар катышып, анын эмгектери кийинки жаштарга үлгү болорун белгилешкен.

Чыгаан журналист көзү тирүү болгондо быйыл 12-февралда 31 жашка чыкмак.

«Азаттык» радиосунун таланттуу иликтөөчү кабарчысы Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда 28 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. (BCh)

XS
SM
MD
LG