Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

Садыр Жапаров экс-депутат Арзыбек Бурханов боюнча пикирин айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Коомдук телерадиоберүү корпорациясына курган маегинде «көмүскө кардинал» деп аталып жаткан экс-депутат Арзыбек Бурханов жөнүндө билдирүү жасады.

Журналист Алмаз Касымалиев «Бурхановду кадр саясатына түздөн-түз кийлигишкен, таасир эткен, көп маселени чечкен киши катары айтып жатышканына эмне дейсиз?» деп суроо узатты.

Садыр Жапаров муну төгүнгө чыгарып, кадр маселесин өзү чечип жатканына токтолду:

«Бул ушакчылардын эле сөзү. Арзыбек Бурханов бир дагы кадрды алып келип, муну коюп бериңиз, тигини коюп бериңиз деген жок. Мен кандай буйрук берсем, ошону гана аткарып жүрдү. Мурдагылардай болуп бир адамдын жетегинде кетип калбайм. Мен муну биротоло бардыгына айтып коёюн, аны иш жүзүндө да көрсөтөм. Бирөө кадр алып келе турган болсо мен Улуттук коопсуздук кызматына же Ички иштер министрлигине «бул кандай кадр?» деп жөнөтөм. Ал жактан деле кээ бирөөлөр таза деп келет, таза экен деп койсоң эле, кошуна-колоң, таанышы-билиши тараптан момундай иши бар деп Интернеттен чыгып калып жатат. Чекесине жазып койгон эмес да. Ошону үчүн айтып жатпаймынбы, жаш жана таза кадрларды өстүрүп чыккыча беш-он жыл убакыт керек экен».

Президент Жапаров муфтийди жана дин комиссиясынын жетекчилерин алмаштырууда Бурхановдун ролу боюнча түшүндүрмө берип, Бурханов анда өзүнүн жардамчысы катары бир ирет муфтияттагы пикир келишпестикти жөнгө салуу үчүн барганын, бирок чечим кабыл алууга эч аралашпаганын кошумчалады.

Мурдараак Дин иштери боюнча комиссиясынын экс-башчысы Акин Токталиев муфтийди кызматтан алууга жана өзүн иштен кетирүүгө дал ушул Бурхановдун катышы бар экенин айтып чыккан. Буга улай социалдык түйүндөрдө Бурхановду «кадр маселесин чечүүчү киши» катары сыпаттагандар чыккан.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты 52 жаштагы Арзыбек Бурханов учурда кандай кызматты ээлегени белгисиз. Соңку кезде анын аты дал ушул муфтийдин айланасындагы чырда улам айтылып келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG