Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Акыйкатчы мурдагы муфтийди камакка албоону өтүндү


Токон Мамытов. Архивдик сүрөт.
Токон Мамытов. Архивдик сүрөт.

Акыйкатчы Токон Мамытов мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевдин бөгөт чарасы камакка алуу болбошу керек деп эсептейт. Бүгүн, 11-февралда омбудсмен Бишкектин Биринчи май райондук сотунун прокуратурасына жана тергөө судьясына кайрылып, Токтомушевди үй камакка чыгаруу же тергөө аяктаганча өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкат жаздыруу түрүндөгү бөгөт чарасын аныктоо мүмкүнчүлүгүн караштырууну суранды.

Мамытов мындай өтүнүчүн “түзүлүп жаткан кырдаал” менен байланыштырып, ислам динине карата сый-урмат мамилеси менен негиздеди.

Токтомушевдин бөгөт чарасы бүгүн Биринчи май райондук сотунда каралганы жатат.

Ушу тапта соттун имаратынын жанында анын 50 чакты тарапкери топтолуп турат.

Мурдагы муфтийдин тарапкерлери бүгүн алгач Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), андан соң Өкмөт үйүнүн жанына барып, аны үй камагына чыгарууну талап кылышкан.

Бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, муфтийликтен өз каалоосу боюнча баш тарткан Максатбек Токтомушевдин арызын карап, канааттандырды.

Токтомушев 10-февралда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына шектүү катары киргизилген.

Ага чейин УКМК муфтияттын башкы эсепчисин кармап, камакка алган.

Атайын кызмат муфтиятта каржылык мыйзам бузуу болгонун айтууда.

Өткөн жумада Токтомушев "Азаттыкка" курган маегинде ажылыктын акчасы боюнча айтылып жаткан айыптоолор жалаа экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG