Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:27

Шыкмаматов Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигине жетекчи болду


Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин жетекчиси болуп дайындалды. Бул маалыматты "Азаттыктын" өз булактары ырастады.

Шыкмаматов 10-январда өткөн президенттик шайлоо өнөктүгүндө Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы штабын жетектеген.

Ага чейин 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо "Бир Бол" партиясынан талапкер болгон.

2017-жылы түзүлгөн бул агенттик Кыргызстандын экспорт-импорттук потенциалын көзөмөлдөөнү, тышкы жана ички инвесторлор менен өкмөттүн байланышын өнүктүрүүнү, бажы жана административдик мыйзамдарды иштеп чыгуу менен катар Кыргызстандагы бизнес долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт.

Өткөн айда Кыргызстанга чет элдик түз инвестицияларды тартууну камсыз кылыш үчүн инвестицияны колдоо чараларын жеңилдеткен мыйзамга кол коюлган.

Аталган агенттик өз ишмердигинде өлкөнүн премьер-министрине баш ийет. (BCh)

XS
SM
MD
LG