Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:46

УКМКнын жанында Максатбек Токтомушевдин тарапкерлеринин акциясы өтүүдө


Токтомушевдин тарапкерлеринин акциясы. 2021-жылдын 11-февралы.
Токтомушевдин тарапкерлеринин акциясы. 2021-жылдын 11-февралы.

Бүгүн, 11-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдында 30-40 чакты адам чогулуп, муфтийликтен кеткенин жарыялаган Максатбек Токтомушевдин ишин калыс иликтөө жана аны камактан бошотуу керек деген пикирин билдирип жатышат.

“Азаттык” радиосунун кабарчылары жеринен маалымдагандай, алар колуна “Максат ажы Токтомушев – элдин сыймыгы”, “Максат ажы Токтомушевге боштондук” деген жазууларды кармап турушат.

10-февралда УКМК Токтомушевди муфтияттын башкы эсепчисине байланыштуу каралып жаткан иштин алкагында "кылмышка шектүү" деп кармады.

Буга чейин муфтияттын башкы эсепчисине УКМКнын кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү фактысы боюнча иш ачылып, сотко чейинки териштирүү башталганы маалымдалган. Токтомушев 10-февралда өз каалоосу менен кызматын тапшырганы белгилүү болгон.

Муфтияттын басма сөз бөлүмү иштин чоо-жайын тергөө иликтеп жаткандыктан, комментарий бере албай турганын маалымдаган.

Максатбек ажы Токтомушев кызматтан кеткен себебин, муфтияттын дарегине айтылып жаткан дооматтар боюнча жооп берүүгө үлгүргөн жок. Бирок буга чейин ажылыктын акчасы боюнча үн катып, айтылып жаткан айыптоолор "жалаа" экенин билдирген.

7-февралда Токтомушев «Азаттык» радиосуна комментарий берип жатып, кызматтан кетпей турганын, мартта үчүнчү мөөнөткө шайлоого барарын айткан. (RK/AiB)

XS
SM
MD
LG