Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:28

Конституциянын долбоорун элдин талкуусуна чыгаруу талабы коюлган акция өттү


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров.
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров.

Жогорку Кеңештин имаратынын алдында бүгүн, 11-февралда Кыргызстанда жүрүп жаткан конституциялык реформага байланыштуу нааразылык акциясы өттү.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров депутаттардын алдына “Конституциянын долбоорун эл менен чогуу талкуулагыла” деген жазууну көтөрүп чыкты:

“Жогорку Кеңеш Конституциянын долбоорун ачык талкууга чыгарбай жатат. Бул болбойт. Баш мыйзам кеңири коомдук талкууга алына турган келишим да. Менин бүгүнкү талабым – парламент мындай алешемдикке жол бербей, Конституцияны элдин кеңири талкуусуна койсун”.

Жогорку Кеңештин сайтына Баш мыйзамдын жаңы долбоору 9-февралда жарыяланган. Буга чейин 2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын 80 депутат демилгечи болгон жаңы долбоору деген документ жарыяланган.

Бирок коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн конституциялык кеңешме түзүлгөн. Ошол эле дата (2020-жылдын 17-ноябры) менен конституциялык кеңешме жакында эле иштеп чыккан жаңы долбоор коомдук талкууга коюлганы белгилүү болду. Аталган кеңешме президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген бул долбоорду 27-январда кабыл алган.

Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун кароого 17-февралда киришет.

Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев реформа мыйзам талаптарын тыкыр сактоо менен жүрүп жатканын айтып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG