Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

12-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

12-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Күндүз өлкө аймагында жамгыр жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15;

Талас жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз 10…15;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 3…8;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -18…-23, күндүз -2…-7 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 13…15 градус болот.

XS
SM
MD
LG