Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:44

Алайда өз жанын кыйган мугалим келиндин өлүмү иликтенүүдө  


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Алайда өз жанын кыйды деген келиндин апасы милицияга кайрылып, кызынын эмне себептен өз өмүрүнө кол салганын иликтөөнү өтүндү. Айрым маалыматтарга караганда, ал кош бойлуу боло албай жатканына капа болуп жүргөн. Турмушка чыкканына алты ай гана толуптур.

Милиция билдиргендей, айылдагы мектепте математика сабагынан мугалим болуп иштеген келин бир нече күн мурда кесиптештерине балалуу боло албай жүргөнүн айтып берген.

Ош облусунун Гүлчө айылындагы Муса Адышов атындагы мектепте математика сабагынан мугалим болуп иштеп жаткан 25 жаштагы келин 7-февраль күнү өзүн-өзү асып каза болгон. Ал өз өмүрүнө короодогу сарайда кол салган.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Милиция окуя болгон жерге барып, асынып алган келин каза болгонуна күбө болушкан жана жеринен кароо жүргүзүшкөн. Мындан сырткары соттук медициналык экспертиза дайындалган.

Ошол эле күнү келиндин апасы Айгүл Чамашова кызынын өлүмүн иликтеп берүүнү өтүнүп, милицияга арыз менен кайрылган.

«Арыздын негизинде Жазык кодексинин 136-беренесинде («Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү») көрсөтүлгөн белгилер менен териштирүү иштери жүрүп жатат. Маркум күйөөсү экөө тең мамлекеттик кызматта иштешкен. Тергөө тобу туугандарынан сураганда алар ынтымактуу эле жашашканын айтышкан», - деди Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев.

Маалыматка ылайык келиндин жолдошу мамлекеттик күзөт кызматында иштейт. Окуя болгон күнү ал иш сапары менен Чоң-Алай районунда жүргөн.

«Анчалыкка барбаш керек эле»

Маркумдун апасы Айгүл Чамашова кызынын өз өмүрүнө кол салганына ушуга чейин ишене албай жүрөт. Мектепте жакшы окуп, жогорку окуу жайын аяктаган соң айылдагы кесипкөй мугалимдердин катарына кошулган кызын «мындай жорукка барбаш керек эле», - дейт:

«Арыз жазып бердим. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Телефонун да милиция алып кетти. Эмне болгонун эми билебиз да. Күйөө бала да үйдө жок болгон. Мектепте жакшы окуган, айылдагы мыкты мугалим, 6-7-класстарга сабак берген күчтүү математик эле. "Эмне себептен асынды, анчалыкка барбайт эле", деп мен арыз менен кайрылдым».

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Учурда маркумдун жакындары милициянын иликтөөсүнүн жыйынтыгын күтүп жатат. Ал арада алдын ала териштирүү учурунда милицияга келиндин айрым кесиптештери ал каза болгонго чейин бир нече күн мурун боюна бүтпөй жатканын айтып, кейигенин билдиришкен.

Атын жашыруун калтырууну каалаган кесиптешинин айтуусунда, келинди жерге берген күнү да анын өз өмүрүнө кол салуусуна согончогу канабай жүргөнү себеп болгону болжолдонгон.

«Эч бир ичинде кири жок эле. Бирок кесиптеши катары акыркы күндөрү маанайы жок жүргөнүн байкагам. Үч күн мурун чарчап-чаалыккан маанайда дептер текшерип жатканын көргөм. Өткөндө тажиясына бардык, ошол жерде да кеп болгон. Бир тууган эжесине да «боюма бүтпөй жатат» деп айткан экен».

Маркумдун туугандарынын айтымында ал алты ай мурун турмушка чыккан.

Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

"Өзүнө бычак урган келин"

Ал арада Өзгөн районунда мурунку күйөөсү менен уруша кетип, бычактан жаракат алган 29 жаштагы Мээримгүл Төрөбек кызы райондук ооруканада жатканы белгилүү болду. Окуя 2-февралда Кара-Дыйкан айылында болгон. Жабыркоочунун бир тууган агасы Тариел Төрөбек уулунун айтуусунда карындашын мурунку жолдошу буга чейин да бир нече жолу ур-токмокко алып жүргөн.

«Ар дайым урат. Мен алардан алыста жашасам да угуп турам. Ушинтип ур-токмокко ала бергендиктен акыры ажырашып кеткен. Кечээ жолкусунда түн жарымда келип, асылып, үйдүн ичинде уруп-согуп, башы менен дубалга сүздүрүп токмоктогон экен. Ага чыдабай "өлүп беришим керекпи" деп өзүнө өзү бычак сайып алыптыр».

Тариел Төрөбек уулу учурда карындашынын абалы оор бойдон калганын, жолдошунан коркконунан милицияга арыз жаза электигин кошумчалады.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Үй-бүлө зомбулугунун бет пардасы

Быйыл 21-январда Жалал-Абад облусунда өзүн өзү асып алды деген келиндин сөөгү эксгумацияланып, анын өлүмү кайрадан иликтене баштаган. Январда Ысык-Көл облусунда эки келин өз жанын кыйган. Кыргызстанда жылына ондогон аял үй-бүлө зомбулугунун курмандыгы болууда.

Ош шаарындагы активист Айсулуу Аскарбекова өлкөдө үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күчөп жатканын, айрыкча аймактарда байма-бай орун алып, анын кээ бир бөлүгү гана коомчулукка ачыкталганын айтууда.

«Кичине-кичинеден кол көтөргөндөрдү аймактарда жашаган аялдар эч кимге айтышпайт деле экен. "Эл эмне дейт?", "кошуна-колоң бар", "айыл-апа укса не дейт?", деп жаап жашырып коюшат экен. Болуп жаткан үй-бүлөлүк зордук- зомбулуктардын жарымы гана коомчулукка ачыкталып, билип атабыз».

Үй-бүлөлүк зомбулук канткенде токтойт?
please wait

No media source currently available

0:00 1:01:55 0:00

2020-жылы кыргызстандык журналисттер алгач ирет өлкөдөгү фемицидди изилдешкен. Анда 54 миңден ашуун маалымат талдоого алынган. Киши колдуу болгон аялдардын көбү күйөөлөрү, өнөктөштөрү тарабынан дайыма зордук-зомбулукка кабылып турушкан.

2020-жылдын 11 ай ичинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8 337 факты катталган. Жогорку соттун маалыматы боюнча үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 71 иш келип түшкөн. Жалпысынан 49 адам жапа чеккен. Арасында 11 жашы жете элек бала бар.

XS
SM
MD
LG