Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Ысык-Көлдө 40 жаштагы аял күйөөсүнүн колунан көз жумду (видео)


Сүрөтчү Татьяна Зеленскаянын моюнуна дөңгөлөк асылып, зомбулук көргөн сузактык аялдын тагдырын чагылдырган сүрөтү.
Сүрөтчү Татьяна Зеленскаянын моюнуна дөңгөлөк асылып, зомбулук көргөн сузактык аялдын тагдырын чагылдырган сүрөтү.

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 40 жаштагы аял күйөөсүнүн колунан көз жумду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов «Азаттыкка» билдирди.

«9-январь күнү таңкы саат 08:00 Түп райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө адамдын өлүмү тууралуу билдирүү келип түшкөн. Баштапкы сурак учурунда каза болгон аялдын күйөөсү кызганычтан улам аны муунтуп, өзү да уу ичип алганы аныкталган. Кылмышка шектүү болгон анын 45 жаштагы жолдошу райондук оорукананын реанимация бөлүмүндө. Окуя боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен сотко чейин териштирүү иши башталды»,- деди Усубакунов.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук көбөйгөн. Буга коронавирус пандемиясы, андан улам киргизилген чектөөлөр да таасир эткени айтылган.

Укук коргоо органдарынын билдирүүсүндө, өткөн жылы үй-бүлө зомбулугу 65% өсүп, андан 20дан ашык аял кайтыш болгон. (KS)

Төрт баланы энесиз калтырган зомбулук
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:42 0:00

XS
SM
MD
LG