Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Кубатбек Боронов пандемияга байланыштуу кылмыш ишинин алкагында сурак берүүдө


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирус пандемиясына байланыштуу кылмыш ишинин алкагында күбө катары сурак берүүдө. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финполиция) жетекчиси Сыймык Жапыкеев билдирди.

Ал суракка чакырылгандардын арасында мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын да атын атап, коронавирус күчөгөн 2020-жылдын жайында иштеген эки саламаттык сактоо министри да жооп берерин билдирди.

«Пандемияда ким жооптуу болсо, баарын чакырабыз. Гумжардамга келген каражаттар айлыкка төлөнүп кеткен учурлар бар экен. Көп маалыматтар бар, бирок анын баары - тергөөнүн купуя сыры», - деди Жапыкеев.

Боронов 12-январда суракка барган учурда журналисттердин суроолоруна жооп берип, пандемия маалында өкмөт жакшы иштегенин айткан.

Мурдагы премьер-министр Боронов сурак берүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00

Финполиция 2020-жылдын октябрында коронавирус пандемиясы учурундагы гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул иштин алкагында мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалган. Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да күбө катары суралып, ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

Финпол тергөө-иликтөө иштеринин натыйжасында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «Газел Соболь» үлгүсүндөгү 10, «Форд Транзит» үлгүсүндөгү үч «Тез жардам» автоунаасы жалпысынан 1 млн. долларга өз наркынан кымбат баада сатылып алынганын билдирип, мамлекет ири өлчөмдө зыян тартканын маалымдаган.

2020-жылдын 15-июлда Саламаттык сактоо министрлиги 13 «Тез жардам» автоунаасын жалпысынан 764,9 миң долларга сатып алганы кабарланган. Машинелер Дүйнөлүк банктын «Кыргызстанда түрдүү кырсыктарга туруштукту күчөтүү» долбоорунун алкагында алынган.

Баасы менен сапаты талкууга түшкөн "Тез жардам"
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:13 0:00

Пандемия маалында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтан алынып, Сабиржан Абдикаримов дайындалган. Октябрдагы бийлик алмашуудан кийин анын ордуна Алымкадыр Бейшеналиев келген.

2020-жылы коронавирус пандемиясынын кесепети менен күрөшүүгө жана бюджетти колдоо максатында Кыргызстанга эл аралык донорлордон 774 млн. 432 795 доллар берилери кабарланган. Мунун ичинен 177 млн. 049 миң доллар грант, калганы насыя.

Өкмөттүк аппараттын маалыматына караганда, жалпы жардамдын ичинен жыл аягына чейин 346 млн. 826 269 доллары алынган. Калганы эми келери айтылган. (SE\AiB)

XS
SM
MD
LG