Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Караколдо чаңгы базасында өспүрүмдүн өлүмүнүн чоо-жайы иликтенүүдө


Караколдогу тоо-лыжа базасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Караколдогу тоо-лыжа базасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, каза болгон өспүрүм 3-январда Казакстандын Нур-Султан шаарынан Токмоктогу таякелерине келип, 10-январда Караколго эс алууга барган.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, ал чаңгыны (лыжа) катуу тээп баратып, карагай сүзүп алган.

Азыр Караколдун милициясы окуянын чоо-жайын аныктоодо.

Жергиликтүү милиция бул факты боюнча сотко чейинки териштирүү иштерин баштап, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Каракол тоо-чаңгы базасы ноябрь айынын экинчи жарымында иштей баштаган. (KS)

XS
SM
MD
LG