Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Сегизбаев менен кызматташкан журналист УКМКга суракка кирди


Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев КТРКдагы дебат учурунда.
Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев КТРКдагы дебат учурунда.

Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабында иштеген журналист Нурзада Токтогулова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылды.

Бул тууралуу Сегизбаевдин шайлоо штабынын басма сөз катчысы Мээрим Асанова «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, чакыруу кагазында Нурзада Токтогулова суракка күбө катары чакырылганы гана жазылган.

«Бүгүн, 12-январь күнү, саат 17:00гө чакырылыптыр. Ошол убакта суракка кирди. Нурзада штабда пиар бөлүмүн жетектеп турган. Биздин штаб Нурзаданын капыстан эле суракка чакырылышын куугунтук жана басым деп баалайт», - деди Мээрим Асанова.

Нурзада Токтогулова өзү социалдык тармакта жарыялаган чакыруу кагазында ал УКМКга күбө катары 12-январь күнү саат 17:00гө чакырылганын гана жазган. Кагазда ошондой эле келбесе күч менен алынып келери эскертилген.

Нурзада Токтогулова 2012-2014-жылдары өкмөттүн басма сөз кызматын жетектеген. 2016-2017-жылдары «Пирамида» телекомпаниясын жетектеп турган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG