Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Сокулуктагы өрттө төрт киши түтүнгө ууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарындагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, төрт адам иске ууланды. Арасында карыя киши жана балдар бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, өрт 11-январда түндө чыгып, батирдин 10 чарчы метри күйгөн. Түтүнгө ууланган төрт адам: 90 жаштагы карыя, 45 жаштагы эркек киши, 15 жана 12 жаштагы эки кыз ооруканага жеткирилген. Дагы сегиз адам коопсуз жакка эвакуацияланган.

11-январда Кыргызстандын ар кайсы аймактарында 12 өрт катталган. Көпчүлүк учурда өрт кырсыктарына кургак чөптүн күйүшү, балдардын от менен ойногону себеп болгонун ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

1-январь түнү Сузак районунун Кашка-Терек айылында көмүр исине ууланып төрт адам: 30 жаштагы келин, анын тогуз жаштагы жана төрт жаштагы эгиз уулдары каза болгон.

Декабрь айында Нарындын Кочкор районунда иске ууланып төрт киши: келин үч кызы менен кошо көз жумган. Беш жаштагы уулу аман калган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG