Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:28

Монголиянын Хөвсгөл көлүндө 6,8 даражага жеткен жер титирөө болду


Монголиядагы Хөвсгөл көлү.
Монголиядагы Хөвсгөл көлү.

12-январда эртең менен Монголиянын түндүк-батышындагы Хөвсгөл көлүнүн аймагында 6,8 даражага жеткен кубаттуу жер титирөө болду. Бул аймак Орусияга чектеш келет жана Чыгыш Саян тоолорунун этегинде жайгашкан.

АКШнын Геологиялык иликтөө борборунун маалымдаты боюнча, жер титирөөнүн чордону Хөвсгөл көлүнүн таманында болду. Бул жер титирөөнүн чордону Орусиянын Иркутск шаарынан 200 чакырымдай аралыкта жайгашкан.

Жер бул көлдүн таманында 10 чакырымдай тереңдикте силкинди. Азырынча калайык сейрек байырлаган бул аймактагы табигый кырсыктан жапа чеккендер жөнүндө маалымат түшө элек. Анын үстүнө монгол боз үйлөрү жана башка имараттар ар кандай жер титирөөлөргө оңой туруштук берчү сапаты менен айырмаланат.

Хөвсгөл көлү деңиз деңгээлинен 1645 метр бийиктикте жайгашкан. Анын узундугу 136 чакырым жана тереңдиги – 262 метр. Бул көл - Азиядагы экинчи ири тузсуз көл. Анда Монголиянын тузсуз сууларынын 70% жакыны жана дүйнөдөгү тузсуз суулардын 0,4% камтылган.

Көлдүн түштүк жээгинде Хатгал шаарчасы жайгашкан. Ал – борбор шаар Улан-Батордон 757 чакырымдай алыстыкта. Туристтик чордон болгон Хатгал шаарчасында чакан аба майданы бар.

Хөвсгөлдан агып чыккан Эгийн-Гол дарыясы Селенга дарыясынын сол куймасы болуп саналат. Кышында дарыя суусу тоңуп калат. Жайында Эгийн-Гол аркылуу Орусиянын Бурят Республикасына чейин кеме менен барса болот. (TT)

XS
SM
MD
LG