Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

ӨКМ: Кыргыз-өзбек чек арасындагы жер титирөө Ош облусунда төрт баллга чейин сезилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 29-декабрда кыргыз-өзбек чек арасында эртең мененки саат сегизге жакын очогунда күчү төрт баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жердин титиреши Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман, Шарк, Кашкар-Кыштак, Жаңы-Кыштак айылдарында төрт балл, Кара-Суу шаарында, Ак-Таш, Большевик, Отуз-Адыр, Каарман, Кыргыз-Чек, Таштак, Мады, Дыйкан-Кыштак, Жапалак айылдарында үч баллга чейин сезилди.

Баштапкы маалымат боюнча, жер титирөөдөн эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок.

Кыргыз-өзбек чек арасында 26-декабрда да күчү беш баллга жеткен жер титирөө болгон. Баткен облусунун айрым айылдарында мектептердин, бала бакчалардын жана турак үйлөрдүн дубалдарынан жарака кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG