Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Баткендеги жер титирөөнүн кесепетин тактоо боюнча иш уланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде жергиликтүү жарандык коргонуу комиссиясы эки күн мурдагы жер титирөөнүн кесепетин тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу 29-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 26-декабрда кыргыз-өзбек чек арасында очогунда күчү беш баллга жеткен жер титирөө болгон.

Баткен облусунун Кадамжай жана Баткен райондорунун бир катар айылдарында мектептердин, бала бакчалардын жана үйлөрдүн дубалдарынан жарака кеткен.

Жарандык коргонуу комиссиясы тийиштүү акт түзүп, объектилерди кайра калыбына келтириш үчүн жергиликтүү бийликке сунуш киргизди. Баткен району боюнча кошумча тактоо иштери бүгүн да уланууда. Адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат жок. (RK)

XS
SM
MD
LG