Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Түштүк Азияда жер титиреди


Түштүк Азия чөлкөмүндөгө 7,5 баллдык жер титирөөдөн ондогон кишилер жаракат алганы кабарланууда. Бүгүнкү жер силкинүүнүн очогу Ооганстандын борбору Кабулдан 250 чакырымдай аралыктагы Журм шаарына жакын жердеги тооолордо катталды. Анын күчү Пакистандын борбору Исламабадда жана Индия баш калаасы Делиде да байкалган.

Пакистан бийлигинин бир өкүлү AFP агенттигине жер титирөөдөн Сват өрөөнүндө жүздөн ашуун киши жаракат алганын билдирди. Өлкөнүн мамлекеттик телеканалы үйдүн чатыры кыйрап, андан бир адам каза тапканын кабарлады.

Кабулдан азырынча кыйроолор жана жапа чегүүлөр боюнча маалымат түшө элек.

Жер титирөө Борбор Азия өлкөлөрүндө да байкалды. "Азаттыктын" тажик кызматы жергиликтүү убакыт боюнча саат экиден он мүнөттөй өткөндөгү силкинүү бир канча мүнөткө созулганын жазды. Өзбекстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында да бул жер титирөөнүн күчү 4-5 баллга жеткени кабарланууда.

XS
SM
MD
LG