Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:39

Жогорку сот «Кумтөр» компаниясынын цианид чуусуна байланыштуу кассациялык арызын карайт


Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

Жогорку сотто бүгүн, 12-январда «Кумтөр» алтын кен компаниясынын цианид чуусуна байланыштуу кассациялык арызы каралат. Бул тууралуу доогерлердин өкүлү Эркингүл Иманкожоева «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, аталган компания доогерлердин пайдасына чыккан сот чечимдерине каршы Жогорку сотко кайрылган.

Бишкектин Октябрь райондук соту былтыр 10-августта Ысык-Көл облусунун тургундарынын цианид чуусуна байланыштуу доо арызын карап, «Кумтөр» алтын кен компаниясын 17 доогер кишиге 400 миң сомдон кенемте төлөөгө милдеттендирген.

Ага дейре иш төрт ирет Жогорку сотко барып, биринчи инстанцияга кайтарылган.

1998-жылы «Кумтөр» компаниясынын машинеси авария болуп, 1740 килограмм цианид Барскоон дарыясына төгүлгөн. Доогер тарап компания сууну хлор менен тазалап, чекилик кылганын, эл хлорциан менен ууланганын айтып жүрөт. Алардын маалыматына караганда, компаниянын аракетинин айынан Ысык-Көл облусунда 2000дей адам ууланып, эки адам каза болгон. 17 000 киши медициналык жардам алган. Облустун 29 тургуну келтирилген зыян толук төлөнгөн жок деген негизде бул ишти калыс кароо тууралуу өтүнүч менен 2005-жылы сотко кайрылган. 15 жылда алардын 12си каза болуп калгандыктан, былтыр августта сот калган 17 доогердин арызын канааттандырган.

«Кумтөр» алтын кен компаниясы доогерлерге келтирилген зыян буга чейин төлөнүп берилген жана коюлган доого негиз жок деп Жогорку сотко даттанган. (NT)

XS
SM
MD
LG