Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:39

АКШ: Өкүлдөр Палатасындагы демократтар Трампка импичмент жарыялоо боюнча резолюциянын долбоорун сунуш кылууда


Президент Д.Трамптын тарапташтары Капитолийге чабуул койгон учуру. 2021-жылдын 6-январы.
Президент Д.Трамптын тарапташтары Капитолийге чабуул койгон учуру. 2021-жылдын 6-январы.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр Палатасындагы демократтар 11-январда президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо жүрүмүн экинчи ирет башташ үчүн алгачкы кадамды жасашты. Демократтар эгерде Трамп ыктыярдуу түрдө кызматынан кетпесе же вице-президент Майк Пенс менен азыркы өкмөт Трампты кызматынан кетире албаса, анда шейшембиде импичмент жүрүмү башталат деп камынып турушат.

Дүйшөмбү күнү Өкүлдөр Палатасындагы демократтар Пенсти Конституциянын 25-толуктоосуна таянып, Трампты кызматтан кетирүүгө үндөп, резолюция долбоорун жарыялашты.

Азырынча оозеки түрдө добушка салынган резолюция долбоорун Өкүлдөр Палатасындагы республикачылар четке кагышты.

Андан соң демократтар 2021-жылдын 6-январында Вашингтондогу Капитолий имаратына Трампты жактаган топтор күч колдонуп кирип барган мыйзамсыз чабуулда президент Трамптын «козголоңго шыкакчы болгон» ролуна байланыштуу ага импичмент жарыялоо тууралуу бир гана беренеден турган резолюция долбоорун жарыялашты.

Бул чечимдин долбоорунда президент Трамп Капитолийге өзүнүн тарапташтары чабуул коердо Ак Үйдүн маңдайындагы ири нааразылык жыйынында калайык алдында чыгып сүйлөп, аларды Капитолийде тополоңго алып келе турган аракетти алдын-ала «шыктандырган» билдирүү жасаган деп өзгөчө белгиленет.

Вице-президент Пенс Конституцияга киргизилген 25-толуктоого кайрылаар-кайрылбасын эч ишарат кыла элек. Демократ конгрессмендер андан 24 саат ичинде өз турумун билдирүүсүн өтүнүштү.

11-январда республикачылар президент Трамп менен вице-президент Пенс Ак Үйдө жолугушканы кабарланды. Бул 6-январдагы тополоңдон кийин алардын алгачкы өз ара кезигишүүсү болуп саналат.

Бул жолугушуу Трамп менен Пенс 20-январга чейин Трамптын өз эрки менен кызматтан кетиши же аны өкмөттүн президенттиктен кетириши жүзөгө ашырылбай тургандыгына ишарат кылат деп жоромолдонууда.

20-январда президенттик кызматка расмий кире турган Жо Байден бул резолюция долбоору туурасында үн ката элек.

Азырынча Өкүлдөр Палатасында 200дөй демократ мыйзамчы бул резолюциянын долбоорун колдоого алууда. Аны андан ары илгерилетиш үчүн бери дегенде 218 добуш зарыл, бирок республикачылардан эч ким бул далалатты ачык колдой элек.

Конгресстин жогорку палатасы Сенатка келсек, 20-январга чейин бул маселе боюнча анын отурумга чогулушу кыйынга турчудай. Бирок Байден ант бергенден кийин деле Сенат бул маселеге кайтып келиши ыктымал. (TT)

XS
SM
MD
LG