Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Трамп Байдендин инаугурациясына катышпай турганын айтты, демократтар ага импичмент жарыялоо жагын талкуулашууда


Президент Д.Трамптын 6-январда Капитолийге күч менен кирип барган тарапкерлеринин бири Өкүлдөр үйүнүн спикери Н.Пелоси айымдын иш үстөлүнө "Биз чегинбейбиз" деп жазып кеткен. Вашингтон. 2021-жылдын 6-январы.
Президент Д.Трамптын 6-январда Капитолийге күч менен кирип барган тарапкерлеринин бири Өкүлдөр үйүнүн спикери Н.Пелоси айымдын иш үстөлүнө "Биз чегинбейбиз" деп жазып кеткен. Вашингтон. 2021-жылдын 6-январы.

АКШ президенти Доналд Трамп 8-январда билдирүү жарыялап, шайланган президент Жо Байдендин 20-январдагы ант берүү аземине катышпай тургандыгын айтты. 7-январда эле Трамп бийликти тынч өткөрүү жөрөлгөлөрүн эрежеге ылайык уюштурууга убада кылган болчу.

Суроо салгандардын бардыгына тең жообум ушу: мен 20-январдагы инаугурацияга барбаймын”, – деп Трамп “Твиттердеги” барагында жазды.

Анын бул жарыясы маалымдалган күнү өлкөнүн Демократиялык партиясынын мүчөлөрү партиянын курултайына чогулуп, мурда болуп көрбөгөндөй чараны – экинчи ирет президентке импичмент жарыялоо үчүн тиешелүү беренелерди колдонуу маселесин талкуу кылышты.

Демократтар президент Трамп өз ыйгарым укуктарын одоно бузуп, өз тарапкерлерин 6-январда Капитолийди чабуулга алууга шыкактады, анын айынан 5 киши өмүрүнөн айрылды, деп мамлекет башчысын сынга алышты. Трамп бир нече ай бою жалган маалымат таркатып, “шайлоо жыйынтыгы одоно бурмаланды, мен анда жеңген болчумун”, деп кайталап айтып келди. Анын өзүнүн өкмөтүнүн бир катар өкүлдөрү болсо шайлоо өнөктүгү мыйзамга ылайык эле жүргүзүлгөндүгүн белгилешти.

АКШнын вице-президенти, республикачы Майк Пенс 20-январдагы инаугурация салтанатына катышаары күтүлүп жатат.


АКШ Конгрессинин Өкүлдөр үйүнүн спикери, демократ Нэнси Пелоси 8-январдагы демократтардын партиялык курултайында чыгып сүйлөп, азыркы тапта Трампка импичмент жарыялоону колдой тургандар майнапсыз аяктаган биринчи аракеттегиге караганда эки эсе көп, деген пикирин айтты.

Пелоси айымдын курултай маалында кошумчалаганына караганда, ал 8-январда АКШ Куралдуу күчтөрүнүн бирдиктүү штабынын башчысы Марк Милли мырза менен сүйлөшүп, “туруксуз акыбалда турган президент аскердик кастыкты көрсөтпөсүн үчүн же өзөктүк чабуулга буйрук кылуу максатында баштооч сырсөзгө колу тийбесин үчүн мүмкүн болгон сактык чараларын” көрүү жаатында талкуу кылганын билдирди.

Бул көңүлү бузулуп турган президенттин кырдаалы мындан да коркунучтуу боло албас эле”, – деп Пелоси айым АКШнын конгрессмендерине кат жолдоду.

АКШнын Өкүлдөр үйүнүн демократ мыйзамчыларынын бири Кэтрин Кларк айым 8-январда саал эртерээк CNN сыналгы каналы үчүн маек куруп, Трампка карата импичмент жарыялоонун жол-жоболору азыркы тапта конгрессмендерге биринчи далаалаттагыга салыштырмалуу алда канча тез аракет кылууга жол коёт, деген оюн айтты. Эгерде вице-президент Майк Пенс жана өкмөт президент Трампты кызматынан четтетүү үчүн 25-толуктоону колдонбой турган болушса, анда мыйзам чыгаруучулар импичмент маселесин тез эле козгой алышат, деди Өкүлдөр үйүнүн спикеринин жардамчысы Кларк айым.

АКШнын Мамлекеттик катчысы (б.а. тышкы иштер министри) Майк Помпео 6-январдагы окуялардан улам өз өлкөсүн “банан жумурияты” деп атагандарга каяша кылды. Мурдагы президент, республикачы Жорж Буш да бир катар журналисттер менен айдыңдардай эле ушул терминди колдонуп, Трамптын тарапкерлеринин Капитолийге кол салышын айыптап чыккан.

Помпеонун айтымында, АКШда тартип сактоо күчтөрү тополоңчуларга сокку берип, эл өкүлдөрүнүн кайрадан өз отурумун тынч улантышына мүмкүндүк жаратышты, ал эми “банан жумурияттарында” болсо тополоң кылгандардын зомбулугу бийлик чылбырын андан ары багыттайт. Бул оюн Помпео 7-январда өзүнүн “Твиттердеги” барагында жазды.
(TT)

XS
SM
MD
LG