Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:24

Трамп Жо Байдендин жеңишин тааныды


Дональд Трамп шайлоо мыйзам бузуу менен коштолгонун айтып, 2021-жылдын 7-январына чейин жеңилгенин мойнуна албай келген.
Дональд Трамп шайлоо мыйзам бузуу менен коштолгонун айтып, 2021-жылдын 7-январына чейин жеңилгенин мойнуна албай келген.

АКШ президенти Дональд Трамп Капитолийге чабуул жасаган тарапташтарын кескин айыптады жана мөөнөтү келгенде Жо Байденге бийликти тынч өткөрүп берүүгө убада кылды.

Анын мындай билдирүүсү Америка Кошмо Штаттарынын 45-президентине импичмент жарыялоо демилгеси байма-бай көтөрүлүп, кызматтан токтоосуз кетирүүнү талап кылгандардын катары калыңдаган учурга туш келди.

Дональд Трамп Вашингтондо беш адамдын, анын ичинде бир полиция кызматкеринин өлүмү менен аяктаган башаламандыктан кийин, 7-январда видео кайрылуу жасады. Ал Капитолийге бастырып киргендерди айыптады. Ошондой эле шайлоонун жыйынтыгын таанып, Жо Байденге бийликти тынч, маселесиз, өз мөөнөтүндө өткөрүп берүүгө көндү.

"Мен сөзүмдү Кошмо Штаттарындагы Капитолийге жасалган жийиркеничтүү чабуулдан баштагым келет. Бардык америкалыктардай эле зордук-зомбулук, мыйзамсыздык жана башаламандыкка менин дагы ачуум келди. Мен имараттагы коопсуздукту камсыз кылып, андан кара ниеттерди кууп чыгуу үчүн дароо Улуттук гвардия менен федералдык күч органдарын тарттым. Америка эли ар дайым мыйзам менен тартипти сактап келген жана сактай берет. Капитолийге бастырып кирген демонстранттар америкалык демократиянын борборуна шек келтиришти", - деди Трамп.

Трамп шайлоо мыйзам бузуу менен коштолгонун айтып, ушул күнгө чейин жеңилгенин мойнуна албай келген жана тарапташтарын Конгресс добуш берүүнүн жыйынтыгын расмий бекитүүгө чогулганда ага каршылык көрсөтүүгө чакырган. Трамп соңку кайрылуусунда башаламандык үчүн жоопкерчилик алган жок.

Ушул тушта Конгрессте Трампка импичмент жарыялоо, аны токтоосуз кызматтан кетирүү талабы күчөдү. Мындай чакырыктарга демократтар эле эмес, айрым республикачылар дагы кошулду. Анын администрациясындагы айрым кызматкерлер чабуулду айыптап, ыктыяры менен иштен кетишти.

Кошмо Штаттарынын жаңы шайланган президенти Жо Байден Капитолийдеги башаламандыкка Трамп жооптуу экенин эскертти:

"Мен "биз мындайды күткөн эмеспиз" деп айткым келет эле. Бирок антип айтканым жалган болмок. Биз муну билгенбиз. Анткени соңку төрт жылда бизде демократиянын принциптерин жана мыйзам үстөмдүгүн танган президент болду. Ал башынан тартып эле биздеги демократия институттарына жапырт чабуулга жол берди. 6-январдагы окуя ошол аёосуз чабуулдун жеткен чеги болду".

Трампты кызматтан кетирүү үчүн Конституциянын 25-беренесине киргизилген өзгөртүүнү колдонуу сунушталып жатат. Ага ылайык, эгер мамлекет башчы кызматтык милдетин аткара албай калса, анын ыйгарым укугу вице-президентке берилет. Дагы бир вариант катары импичмент жарыялоо каралып жатат.

Өкүлдөр палатасынын спикери, демократ Нэнси Пелоси Трамп чукул арада кызматтан кетиши керек деген топтун башында турат.

"Кошмо Штаттардын президенти кечээ Америкага каршы куралдуу көтөрүлүшкө чакырды. Бул жагдай бизден токтоосуз чара көрүүнү талап кылат. Анын 13 күнү калды, бирок бул убакыт аралыгында кайсы бир дата Америка үчүн үрөй учурган күнгө айланышы мүмкүн", - деди Пелоси айым.

Капитолийдеги тоз-тополоңдон улам иликтөө башталды. Колумбия округунун прокурору Майкл Шервин 15 адамга айып коюлганын билдирди. Капитолийдин полиция башчысы кызматтан кетти. Ага башаламандыкка жол бергени үчүн сын-доомат күчөгөн эле.

Трамптын кызматтык мөөнөтүнүн аяктаарына 12 күн калды. АКШ Конгрессинин кош үйү 6-январдагы Капитолийге жасалган чабуулдан кийин 7-январга караган түнү президенттик шайлоонун жыйынтыгын биротоло бекиткен. Ага ылайык, Жо Байден 20-январда ант кармап, өлкөнүн 46-президенти катары кызматка расмий киришмекчи.

XS
SM
MD
LG