Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

«Фейсбук» Трамптын барагын кийинки президент ант берип бүткөнгө чейин жаап салды


Интернеттеги «Фейсбук» коомдук тармагындагы «Ардагерлер Трампты колдойт» деген баракча. 2019-жылдын 20-сентябры.
Интернеттеги «Фейсбук» коомдук тармагындагы «Ардагерлер Трампты колдойт» деген баракча. 2019-жылдын 20-сентябры.

«Фейсбук» («Facebook») компаниясы жана анын «Instagram» тиркемеси АКШ президенти Дональд Трамптын барактарына тыюуну 20-январдагы жаңы президент Жо Байдендин ант берүү жөрөлгөсү бүткөнгө чейинки мөөнөткө узартышты. Бул тууралуу «Facebook» компаниясынын аткаруучу директору Марк Цукерберг 7-январда маалымдады.

«Твиттер» болсо 7-январда Трамптын убактылуу жабылган эсебин кайра ачты. АКШнын президенти Трамп 6-январдагы Капитолийде жасалган зомбулукту «Твиттер» аркылуу 7-январда айыптап чыкты жана «Жо Байден АКШнын жаңы президенти болот» деп айтып, жеңилгенин мойнуна алды.

7-январда «Твиттер» аркылуу таркатылган видео тасмада Трамп жаңы өкмөт 20-январда салтанаттуу ант берерин жана өзү бийликти тартиптүү жана тынч өткөрүп берүүгө камылга көрүүнү көңүл борборунда тута тургандыгын баса белгиледи.

Айрым коомдук тармактар 6-январдагы Трамптын тарапкерлеринин Капитолийдеги тополоңунан соң президенттин барактарын убактылуу жаап салышкан.

«Фейсбук» Трамптын далилсиз эле «шайлоо бурмаланды» деген үстөккө-босток жарыяланган дооматтарына негизделген жалган маалыматтардын бутасына айланган соң, Марк Цукерберг «Фейсбуктун» АКШдагы демократиялык жол менен шайланган өкмөткө каршы ар кандай козголоңдорго шыкакчы болгондордун пайдубалына айланбашы үчүн Трамптын эсептерине тыюуну узарта турууга аргасыз болгонун билдирди.

6-январда Капитолийде өтүп жаткан АКШ Конгрессинин Сенаты менен Өкүлдөр Палатасынын орток отурумуна тоскоолдук кылган тополоң маалында төрт киши мерт болду. Эми АКШнын бийлиги тополоңду уюштурган жана ага катышкан кишилерди аныкташ үчүн тергөө иштерин баштоодо.

Конгресттин кош палатасынын 7-январга караган таңкы сааттарда соңуна чыккан биргелешкен отурумунда Шайлоочулар коллегиясынын баяндамасы кабыл алынды. Анда демократ Байден былтыр 3-ноябрда өткөн шайлоодо азыркы президент Трампты жеңгендиги биротоло тастыкталып, күбөлөндүрмө берилди. Шайлоонун жүрүшүн жыйынтыктоонун эң соңку кадамын убактылуу үзгүлтүккө учураткан менен, Трамптын тарапташтарынын тополоңу анын саясаты үчүн тескери таасир жаратты.

Шайланган президент Жо Байден, америкалык конгрессмендер, дүйнө коомчулугу жана президент Трамптын өзү да 7-январда бул тополоңду айыптап чыгышты. (TT)

XS
SM
MD
LG