Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:43

Адистер Трамптын «коронавирустан өлгөндөр азыраак» деген билдирүүсүн четке кагышты


Нью-Йорк шаары.
Нью-Йорк шаары.

АКШын саламаттык сактоо тармагындагы расмий адамдар кызматтагы мөөнөтү аяктап бараткан президент Дональд Трамптын коронавирустун статистикасы жөнүндө айткандарын четке кагышты. Трамп Кошмо Штаттарда илдет жуккан жана андан көз жумгандардын саны «ашыра эсептелген» деп 3-январда «Твиттердеги» баракчасына жазган.

Президент Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору «башка мамлекеттерге салыштырмалуу эсептөөнүн күлкү келерлик ыкмасын колдонот, мунун айынан инфекцияланган жана илдеттен көз жумгандардын саны өтө ашыра көрсөтүлгөн» деп билдирди.

Президент ошондой эле өлүмдүн себебин тактай албай калган учурда, аны коронавирус менен байланыштырып коюшарын кыйытты, бирок эч кандай ынанымдуу далил келтирген жок.

АКШнын башкы хирургу Жером Адамс CNN телеканалындагы маегинде расмий эсептен күмөн саноого негиз жок экенин билдирди. Башкы инфекционист Энтони Фаучи да Трамптын айткандарын жокко чыгарды.

Жон Хопкинс университетинин эсебинде, АКШда COVID-19га чалдыккандар 20,6 миллион адамдан ашып, 351 миңден көп бейтаптын өмүрү кыйылды. Дүйнө жүзүндө инфекциялангандар 85 миллион адамга жетти, илдеттен 1,8 миллиондой киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG