Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:51

Трамптын добуш «табуу» жөнүндө чакырыгын айрым республикачылар да сындашты


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамптын Жоржия штатынын катчысы Брэд Раффенспергер менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө айткан сөздөрү айрым республикачалардын сынына кабылып, демократтар иликтөө жүргүзүүнү талап кылышууда. Тасманын стенограммасын «The Washington Post» гезити өткөн дем алыштарда сайтына жарыялаган. Президент анда шайлоонун жыйынтыгын өзгөртүш үчүн жетиштүү добуш «табууну» талап кылган. Штатта Трамптын атаандашы Жо Байден жеңген.

Кээ бир республикачылар муну демократияга каршы келген кадам катары сыпатташты. Сенатор Пэт Туми дүйшөмбүдө президенттин чакырыгы «өкүнүчтүү жана пайдасыз окуядагы дагы бир пас көрүнүш болду» деп билдирди.

Жоржиянын катчысы ага кысым болгонун билдирди. Ауиодо Трамп «11 миң 780 добуш табыш» керек экенин айтып, андай болбосо Раффенспергер «чоң тобокелчиликке» туш болушу мүмкүн экенин кыйыткан.

Республикачыл катчы президенттин «шайлоонун жыйынтыгы бурмаланган» деген сөздөрүн четке какты. 4-январда ал Трамптын негизсиз билдирүүлөрү демократиялык процесстерге көлөкө түшүрөрүн, Жоржияда 5-январда өтчү шайлоонун экинчи туруна таасир этиши мүмкүн экенин эскертти.

Конгресстин эки демократ мүчөсү Тед Льей жана Кэтлин Райс Федералдык иликтөө бюросунун жетекчисинен сөз болгон телефон аркылуу сүйлөшүүнү текшерүүнү суранышты.

XS
SM
MD
LG