Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:45

«Twitter» жана «Facebook» Трамптын аккаунттарын убактылуу жаап салышты


Уюкфонун чукулап отурган АКШ президенти Доналд Трамп.
Уюкфонун чукулап отурган АКШ президенти Доналд Трамп.

«Твиттер» жана «Фейсбук» социалдык тармактары АКШнын президенти Дональд Трамптын аккаунттарын убактылуу жаап салышты. Буга 6-январда жасалган Трамптын чакырыктарынан кийин анын тарапташтарынын Капитолийге (АКШ Конгрессинин имаратына) кирип барышы түрткү болду.

Ал учурда Конгресстин эки палатасынын биргелешкен жыйыны өтүп жаткан. Анда 2020-жылы 3-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы бекитилмек.

Тасма. Трамптын тарапташтары Капитолийге кирип барышты. 06.1.2021.

6-январда «Твиттер» АКШ президентинин аккаунтун «олуттуу жана улам кайталанган эреже бузулуу» үчүн 12 саатка жапканын билдирип, керек болсо такыр жаап саларын эскертти.

«Фейсбук» социалдык түйүнү «анын ички саясаты эки жолу бузулганын» жүйө кылып, Трамптын аккаунтун 24 саатка жапканын жарыялады.

Полиция Трамптын тарапташтары Капитолийде ызы-чуу салып, ок атышууга жеткиришкенин, анын жыйынтыгында адам өлүмү катталганын билдирген соң «Твиттер» Трамптын айрым постторун өчүрүп салды. Кагылышууда 4 киши набыт кеткенин CNN каналы сыяктуу медиа каражаттары маалымдашууда.

Былтыр 3-ноябрда өткөн шайлоодо Демократиялык партиянын өкүлү Жо Байден утуп чыккан. Трамп 2021-жылдын 7-январынын алгачкы сааттарына чейин өзүнүн жеңилгенин мойнуна алуудан баш тартып келди.

XS
SM
MD
LG