Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:23

АКШ Конгрессинин жыйынында Байдендин жеңиши биротоло тастыкталды


Өкүлдөр Палатасынын төрайымы Ненси Пелоси жана вице-президент Майк Пенс.
Өкүлдөр Палатасынын төрайымы Ненси Пелоси жана вице-президент Майк Пенс.

Конгресттин 7-январга караган түнү өткөн биргелешкен жыйынында шайлоочулар коллегиясынын добуштары саналып, демократ Жо Байден былтыр 3-ноябрда өткөн шайлоодо азыркы президент Дональд Трампты утканы расмий бекитилди. Бул шайлоо жараянындагы соңку кадам.

Байден шайлоочулар коллегиясынын 306, ал эми Трамп 232 добушуна ээ болду.

Эми 20-январда 78 жаштагы Жо Байдендин инаугурациясы өтүп, президенттикке расмий киришет. Ал АКШ тарыхындагы эң улгайган мамлекет башчы болуп калат.

АКШ Сенатынын биргелешкен отуруму Жо Байдендин жеңишин тастыктаган Шайлоочулар коллегиясынын 14-декабрдагы чечимин Вашингтон убактысы боюнча 7-январга караган сааттарда бекиткен соң гана президент Дональд Трамп өзүнүн жеңилгендигин мойнуна алды.

АКШнын вице-президенти, бир эле учурда Сенаттын төрагасы, республикачы Майк Пенс Шайлоочулар коллегиясынын бүтүмү тастыкталган күбөлөндүрмөнү окууда. 2021-жылдын 7-январы.
АКШнын вице-президенти, бир эле учурда Сенаттын төрагасы, республикачы Майк Пенс Шайлоочулар коллегиясынын бүтүмү тастыкталган күбөлөндүрмөнү окууда. 2021-жылдын 7-январы.

Трамп Конгресстин бул чечими өлкөдөгү "президенттик тарыхтын жүрүшүндөгү эң залкар алгачкы президенттик мөнөттүн соңуна чыккандыгын көрсөтүп турат", - деп өз мөөнөтүнө жогорку баа бере кетти.

Айрым саясатчылар Дональд Трампты 6-январдагы тополоңдорго байланыштуу 20-январга чейин эле кызматтан кетирүү чакырыктары менен чыгышты. Бирок бул кыска убакыт (13 күн) андай кадамга барууга жетишсиз экендигин да серепчилер белгилешүүдө.

Трамптын тарапташтары 6-январда күндүз Капитолийге (АКШ Конгрессинин имаратына) кирип барып, Конгресстин эки үйүнүн орток отурумун үзгүлтүккө учуратышкан. Жыйын имарат Трамптын тарапташтарынан тазаланган соң гана кечинде (жергиликтүү убакыт боюнча 20:00да) кайра улантылган.

Вашингтондун мэри Мюриел Баузер Капитолийдеги тополоңдон соң киргизилген борбор шаардагы чукул кырдаалды 15 күнгө узарткандыгы да маалымдалды.

Эл аралык коомчулук 6-январдагы АКШ Конгрессинин имаратына мыйзамсыз чабуулду терең айыптады.

XS
SM
MD
LG