Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:12

АКШда Трамптын тарапкерлери Капитолийге кирип барышты


Капитолий имараты. 6-январь, 2021-жыл.
Капитолий имараты. 6-январь, 2021-жыл.

6-январда АКШ президенти Дональд Трамптын тарапкерлери Конгресстин жыйыны өтүп жаткан Капитолийдин имаратына кирип барышты. Бул учурда Конгресстин кошмо жыйынында Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын бекитүү каралып жаткан.

Жыйын капысынан ишин токтотуп, Конгресстин айрым мүчөлөрү имараттан чыгып кетишти. Жыйынды алып барып жаткан вице-президент Майк Пенсти коопсуздук кызматкерлери алып кетишти.

Трамптын тарапташтары Капитолийге жүрүш жасап, андан соң коопсуздук күчтөрүнүн каршылыгына карабай имаратка кирип барышкан.

Конгресстин бул жыйыны 20-январга белгиленген шайланган президент Жо Байдендин ант берүү аземинин алдындагы формалдуу иш-чара болуп саналат.

Бул жолу 14 республикачы сенатор былтыр ноябрда өткөн «шайлоодо бурмалоо болду» деп талаштуу штаттардагы добуш берүүнү иликтөө үчүн комиссия түзүүнү сунуш кылышкан.

АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп шайлоодо жеңилгенин расмий тааный элек.

6-январдагы жыйын башталган учурда республикачы сенаторлор Аризона штатындагы добуш берүүнүн жыйынтыгына расмий түрдө нааразылык билдиришти.

Биргелешкен жыйынды вице-президент Майк Пенс алып барып жаткан. Ал Трамптын сунушуна карабай шайлоочулар коллегиясынын жыйынтыгын четке кагууга укугу жок экенин билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG